Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 17-июлу № 119
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) экинчи жана үчүнчү бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттери чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жеке менчигинде болушу мүмкүн. Чет өлкөлүк жарандардын же юридикалык жактардын же болбосо башка чет өлкөлүк элементтин катышуусу менен татаалдашкан бардык жарандык-укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Рекреациялык объекттерге пайдаланылуучу жер участоктору чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык, мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.";
б) төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) тогузунчу бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген тартипте ижара шарттарында пайдаланууга берилген сейил бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан тосулууга тийиш эмес. Ижарачылар, сейил бактык-пляждык зоналарды пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү сейил бактык-пляждык зоналардын тазалыгын жана коопсуздугун камсыз кылышат.";
г) онунчу бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
д) он биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
е) он үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |