Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-ноябры № 96
“Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, Аламүдүн райондук администрациясынын 2023-жылдын 19-октябрындагы № 02-3/1881 катын жана 2023-жылдын 21-октябрында Таш-Добо айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Таш-Добо айылдык аймагынын административдик-аймактык рефармалоо боюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Таш-Добо айылдык кеңешинин 35-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл өкмөтү менен Таш-Дөбө айыл өкмөтү бириксин.
2. Бириккен айыл өкмөтүнүн аты Таш-Дөбө айыл өкмөтү деп бекитилсин.
3. Бириккен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн борбору Таш-Дөбө айылы болсун.
4. Бул токтом Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн вэб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттодон өткөрүлсүн.
5. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө милдети Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |