Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 241
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө
Архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу жана оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме 2 |
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ