Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 21-февралындагы № 1893-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мамашова Айсулуу Турусбековна Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына, Абакиров Эльдар Курманбекович Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Абакиров Эльдар Курманбекович - "Альянс" парламенттик фракциясынан;";
2) 7-пунктчанын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 8-пунктчада:
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Мамашова Айсулуу Турусбековна - "Альянс" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |