ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 21-февралындагы № 1893-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

Редакция21.02.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 21-февралындагы № 1893-VII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мамашова Айсулуу Турусбековна Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына, Абакиров Эльдар Курманбекович Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1) 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Абакиров Эльдар Курманбекович - "Альянс" парламенттик фракциясынан;";

2) 7-пунктчанын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 8-пунктчада:

- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Мамашова Айсулуу Турусбековна - "Альянс" парламенттик фракциясынан;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Дж.К. Исаева