БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 27-октябры № 7/7
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду коюуда ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Д.Сатыбалдиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду коюуда ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Д.Сатыбалдиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин
Төрага | Д.Жолдошбек уулу |