Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 10-1/283 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2024-жылдын 29-майы № 157
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегин) киргизилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
- жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участогуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү - (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 81-пункту), 1-тиркемеге ылайык;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо - (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 82-пункту), 2-тиркемеге ылайык;
- милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде кыймылсыз мүлккө болгон укугун мамлекеттик каттоо - (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 82-1-пункту), 3-тиркемеге ылайык;
- кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү - (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 37-пункту), 4-тиркемеге ылайык;
- кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү - (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 6-главасынын 55-пункту), 5-тиркемеге ылайык;
- топография-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү - (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмесинин) 5-главасынын 40-пункту), 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып,үч жумуш күндүн ичинде Агенттиктин расмий сайтына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөлөрүн кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине маалымат үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Агенттиктин директорунун биринчи орун басары Э. А. Сейтказиевага жүктөлсүн.
2024-жылдын 29-майында https://gosreg.gov.kg/ расмий сайтында жарыяланды
Директор | А.В. Сатывалдиев |