Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-июлу № 392
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Нотариалдык кызматтарды көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 139-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Нотариалдык конторалар жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) предмети кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:
накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 1000 (бир миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 2000 (эки миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо - 5000 (беш миң) сом;
накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 10000 (он миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 20000 (жыйырма миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 50000 (элүү миң) сом;
2) башка келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 600 (алты жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 1000 (бир миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык жак болсо - 2000 (эки миң) сом;
3) ипотека (күрөө) жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 6 эселенген өлчөмү;
4) тыюуларды алып салуу үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
5) кандай гана болбосун мүлктү (кыймылдуу жана кыймылсыз) пайдалануу, тескөө жана сатып алуу укугуна, анын ичинде кайра ишеним артуу тартибинде берилген ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн, эгерде ишеним берүүчүлөр:
- балдар, ата-энелер, жубайлар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
- ишеним катты берүүдө башка жеке жактар болсо:
3 айга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
6 айга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 4 эселенген өлчөмү;
1 жылга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 6 эселенген өлчөмү;
3 жылга чейинки мөөнөткө - эсептик көрсөткүчтүн 7,5 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактар болсо, мөөнөтүнө карабастан - эсептик көрсөткүчтүн 7,5 эселенген өлчөмү;
6) башка ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн, эгерде ишеним берүүчүлөр:
- жеке жактар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактар болсо - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
7) керээздерди күбөлөндүрүү үчүн:
- жөнөкөй керээз - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
- жашыруун керээз - эсептик көрсөткүчтүн 7,5 эселенген өлчөмү;
8) мураска укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн:
- балдарга, ата-энеге, жубайына 1000 (бир миң) сом;
- бир тууган ага-инилерге, бир тууган эже-сиңдилерге, чоң энелерге, чоң аталарга, неберелерге - 2000 (эки миң) сом;
- башка мураскерлерге - 5000 (беш миң) сом;
9) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
10) лизингдин предметин талап кылбастан аткаруу жазууларын жасагандыгы үчүн - өндүрүлүүчү суммадан 2 пайыз, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызынан кем эмес, лизингдин предметин талап кылууда - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
11) документтин бир тилден экинчиге жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын нотариус тарабынан күбөлөндүрүү үчүн (документтин ар бир барагы үчүн):
- жеке жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 50 пайызы;
- юридикалык жактар үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
12) документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн жана алардан көчүрмөлөрдү күбөлөндүрүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн документтери берилсе:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 20 пайызы;
- юридикалык жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүнүн 30 пайызы;
13) жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өткөрүп берүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн арыздары өткөрүлүп берилсе:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 5 эселенген өлчөмү;
14) банк карточкаларындагы, арыздардагы жана башка документтердеги (анын ичинде коммерциялык эмес юридикалык жактарды - коомдук фонддорду, мекемелерди түзүү жөнүндө чечимдердеги) колтамганын аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн, эгерде төмөнкүлөрдүн колтамгалары күбөлөндүрүлсө:
- жеке жактардын - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн - эсептик көрсөткүчтүн 2 эселенген өлчөмү;
15) нотариалдык кеңсенин делолорунда сакталган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү жана дубликаттарын берүү үчүн:
- жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;
- юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү;
16) юридикалык жактардын жыйналыштарынын протоколдорун, түрдүү лотереялардын, аукциондордун тираждык комиссияларынын протоколдорун ж.б. күбөлөндүрүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 15 эселенген өлчөмү;
17) акчалай сумманы жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу үчүн - кабыл алынган депозиттик сумманын жана баалуу кагаздын наркынын 1 пайызы, бирок эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмүнөн кем эмес.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |