Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 17-июлу № 425-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чараларга катышууларына даярдык көрүү, ошондой эле алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын сапаттуу аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чараларга катышууларын даярдоо боюнча ведомстволор аралык иш пландарын жана алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Жобону талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |