Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 425-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чараларга катышууларын даярдоо боюнча ведомстволор аралык иш пландарын жана алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор жана түшүнүктөр
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чараларга катышууларын даярдоо боюнча ведомстволор аралык иш пландарын жана алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилиги) тышкы саясий иш-чараларга катышууларын даярдоо боюнча ведомстволор аралык иш пландарын жана алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын иштел чыгуу, бекитүү жана аткаруу боюнча бирдиктүү тартипти белгилейт.
2. Ушул Жобонун максаты өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тышкы саясий иш-чараларга катышуусун даярдоо, ошондой эле алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын сапаттуу аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын (мындан ары - жооптуу органдар) иш-аракетин тартипке келтирүү болуп саналат.
3. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- тышкы саясий иш-чара - өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин деңгээлинде тышкы саясатты ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын саясий (тышкы экономикалык) иш-аракетин уюштуруу формасы (мамлекеттик, расмий, жумушчу визиттер, конференциялар, саммиттер ж.б.);
- өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тышкы саясий иш-чарага катышуусун даярдоо боюнча ведомстволор аралык иш план (мындан ары - ведомстволор аралык иш план) - аткаруу мөөнөттөрүн, жооптуу аткаруучуларды көрсөтүү менен ырааттуу бириккен иш-чаралардын тизмегин камтыган документ;
- тышкы саясий иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - иш-чаралар планы) - тышкы саясий иш-чаранын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга жетишүүгө багытталган, ошондой эле мөөнөттөрүн жана жооптуу аткаруучуларды көрсөтүү менен өлкөнүн тийиштүү тышкы саясий артыкчылыктарын жана улуттук кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган иш-чараларды камтыган документ.
2. Ведомстволор аралык иш пландарды даярдоо, бекитүү жана аткаруу
4. Өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларды даярдоого жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы (мындан ары - иштеп чыгуучу орган) ведомстволор аралык иш пландын долбоорун (1-тиркеме) иштеп чыгууга алдын ала киришет жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө (мындан ары - ТСБ) тышкы саясий иш-чараны өткөргөнгө чейин эки айдан кем эмес убакытта киргизет.
Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ТСБ өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларды даярдоонун алкагында гана иштерди жүзөгө ашырат. Тышкы саясий иш-аракетке тикелей тиешеси жок башка тармактык мүнөздөгү иш-чараларды даярдоо профилдик органдар жана аларды тейлеген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
Ведомстволор аралык иш пландын долбоорундагы иш-чаралар, мөөнөттөрү жана жооптуу аткаруучулар иштеп чыгуучу орган тарабынан аныкталат.
Өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилиги тышкы саясий иш-чарага шашылыш (эки айга жетпеген убакытта) катышкан учурда ведомстволор аралык иш пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү мөөнөттөрү иштеп чыгуучу орган тарабынан ТСБ менен макулдашуу боюнча белгиленет.
Эгерде тышкы саясий иш-чара кезексиз, өзгөчө жана атайын болуп саналса, анын мөөнөтүн алдын ала аныктоого мүмкүн болбосо, ведомстволор аралык иш планды иштеп чыгуу жана бекитүү талап кылынбайт. Мындай учурда иштеп чыгуучу орган ишти тийиштүү мамлекеттик органдар, анын ичинде тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жумушчу кат алышуу аркылуу жүргүзөт.
5. ТСБ зарыл учурда иштеп чыгуучу органдын катышуусу менен ведомстволор аралык иш пландын долбоорун жеткире иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына бекитүүгө киргизет.
Иштеп чыгуучу органдын демилгеси менен ТСБ менен макулдашуу боюнча ведомстволор аралык иш пландын долбоору иш тартибинде жеткире иштелип чыгышы мүмкүн.
Зарыл учурда ТСБ ведомстволор аралык иш пландын долбоорун өз алдынча жеткире иштеп чыга алат.
6. Ведомстволор аралык иш план Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары тарабынан бекитилгенден кийин эки жумуш күндүн ичинде белгиленген тартипте ТСБ, аны ишке ашырууга тартылган тийиштүү жооптуу органдарга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө аткарууга жиберет.
Зарылдыгына жараша, иштеп чыгуучу органдын сунушу же ТСБ өзүнүн демилгеси боюнча жооптуу органдар тарабынан ведомстволор аралык иш пландын аткарылышынын жүрүшүн кароо боюнча ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрө алат.
7. Эгерде ведомстволор аралык иш пландын иш-чараларын ишке ашырууга бир нече жооптуу органдар тартылса, анда "жооптуу" деген сөз менен белгиленген же биринчи аныкталган орган анын негизги аткаруучусу болуп саналат.
Кош аткаруучулар тиешелүү материалдарды негизги аткаруучу болгон мамлекеттик органга ведомстволор аралык иш планда белгиленген мөөнөттөрдө беришет.
Аткаруучудан көз каранды болбогон объективдүү себептер жана жагдайлар болгон учурда ведомстволор аралык иш пландын пункттарын аткаруу мөөнөттөрү ТСБ менен макулдашуу боюнча узартылышы мүмкүн.
8. Жооптуу органдар тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ведомстволор аралык иш пландын ар бир пункту боюнча маалыматтарды (аңгемелешүүнүн тезистерине сунуштарды, маалымдама материалдарын, презентацияларды, позицияларды ж.б.) белгиленген мөөнөттөргө ылайык киргизишет.
Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын алкагында зарыл болгон учурда органдардан келип түшкөн материалдарды жеткире иштеп чыгат жана үч жумуш күндүн ичинде документтердин жыйынтыкталган долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
Маалыматтардын, материалдардын жана сунуштардын аныктыгы, сапаты жана өз убагында жиберилиши үчүн аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышат.
Ведомстволор аралык иш планды аткаруунун алкагында иштеп чыгуучу органга жиберилүүчү маалымат, маалымдама жана аналитикалык материалдар кыскача баяндалат (3 беттен ашык эмес), актуалдаштырылууга, грамматикалык жактан текшерилүүгө жана стандарттуу Times New Roman шрифти менен (14 пт.) 1 интервал аркылуу аткарылууга тийиш.
9. Иштеп чыгуучу орган жана ТСБ жооптуу органдардан кошумча маалыматты сурап алышы же болбосо кемчиликтерди жоюу үчүн эки жумуш күндөн кем эмес акылга сыярлык мөөнөттү белгилөө менен берилген материалдарды жеткире иштеп чыгууга кайтарышы мүмкүн.
10. ТСБ зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профилдик түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте тармактык маселелер жана долбоорлор боюнча тезистерди жана маалыматтык-аналитикалык материалдардын топтомун жеткире иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
11. Өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тышкы саясий иш-чараларга катышуусун даярдоого катышкан жооптуу органдар ведомстволор аралык иш планда көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелерди ачыкка чыгарбоого жана комментарий бербөөгө тийиш.
12. Өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө иштеп чыгуучу орган, тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик органдар жана уюмдар (мындан ары - профилдик орган), тышкы саясий иш-чаранын жүрүшүндө алардын компетенциясына тийиштүү болгон маселелер каралса, жетишилген макулдашууларды кагазга түшүрүүнү камсыз кылат.
Жетишилген макулдашуулар жөнүндө тийиштүү маалымат тышкы саясий иш-чара аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде иштеп чыгуучу органга жөнөтүлөт.
Эгерде тышкы саясий иш-чара чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн болсо, анда жетишилген макулдашуулар жөнүндө маалымат делегация Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде иштеп чыгуучу органга жөнөтүлөт.
Иштеп чыгуучу орган жана/же профилдик орган бул иш-чараларга катышпаган учурда жетишилген макулдашууларды кагазга түшүрүүнү ТСБнын же Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профилдик түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү жүзөгө ашырат. Жетишилген макулдашуулар жөнүндө тиешелүү маалымат иш-чара аяктагандан кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен иштеп чыгуучу органга тапшырма катары же иш тартибинде жөнөтүлөт.
3. Өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тышкы саясий иш-чараларга катышуусунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын даярдоо, аткаруу жана отчет берүү
13. Профилдик органдар өз компетенциясынын алкагында тышкы саясий иш-чара аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде иштеп чыгуучу органга ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирге иш-чаранын жыйынтыктары жөнүндө отчет беришет.
14. Иштеп чыгуучу орган тышкы саясий иш-чара аяктагандан кийин беш жумуш күндүн ичинде иш-чаралар планынын долбоорун түзөт (2-тиркеме) жана аны болуп өткөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жалпы жыйынды отчетту тиркөө менен ТСБга жөнөтөт.
15. Иш-чаралар планынын долбоорун алгандан кийин ТСБ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен аны макулдашат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү үч жумуш күндүн ичинде өз компетенциясынын алкагында сунуштамаларды жана сын-пикирлерди камтыган макулдашылган иш-чаралар планынын долбоорун ТСБга жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сунуштамаларын жана сын-пикирлерин алган күндөн тартып ТСБ иш-чаралар планын жеткире иштеп чыгат жана он жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына бекитүүгө киргизет.
16. Бекитилгенден кийин эки жумуш күндүн ичинде ТСБ иш-чаралар планын тийиштүү мамлекеттик органдарга аткарууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына маалымат үчүн жиберет.
17. Иш-чаралар планы боюнча маалыматты чогултуу, эреже катары, иштеп чыгуучу органга жүктөлөт.
18. Иш-чаралар планы боюнча отчеттуулук иштеп чыгуучу органдын сунушу боюнча ТСБ тарабынан аныкталат (ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылына бир жолу).
19. Иш-чаралар планын аткарууга кабыл алган мамлекеттик органдар алдыга коюлган милдеттерге жетишүү боюнча толук чараларды көрүшөт.
20. Жооптуу орган:
а) келип түшкөн маалыматты чогултат/жалпылайт/талдайт;
б) иш-чаралар планынын ар бир пункту боюнча кошумча маалыматтарды сурап, иш-чаралар планынын аткарылышы жана отчеттуулук мөөнөттөрүнүн сакталышы жөнүндө эскертүүлөрдү жөнөтө алат;
в) белгиленген мөөнөттөргө ылайык маалымат берүү жана/же тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн ТСБга актуалдаштырылган маалыматты киргизет;
г) иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө резюмени/кыскача талдоону кошумча тиркейт, анда жыйынды маалыматтар көрсөтүлөт, зарыл учурда тигил же бул пункттарды аткарбоонун себептери баяндалат.
21. Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат конкреттүү жана кыскача баяндалат.
Пункттар аткарылбаган учурда объективдүү себептер аларды аткаруунун мүмкүн эместигин толук талдоо менен көрсөтүлөт. Иш-чаралар планынын пункттарын аткаруу боюнча жооптуу орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү жана ТСБ менен макулдашуу боюнча ушул пункттун аткарылышынын статусун аныктайт.
22. ТСБ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардан кошумча маалымат сурай алат.
23. ТСБ иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты таанышуу жана сунуштарды киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жөнөтөт.
Тиешелүү иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынтык маалыматты ТСБ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кароосуна киргизет.
24. Иш-чаралар планынын бардык пункттары аткарылганда жооптуу мамлекеттик орган аны аткаруудан алып салуу жөнүндө ТСБга сунуш киргизет. Иш-чаралар планын аткаруудан алып салуу жөнүндө киргизилген сунушка макул болгон учурда, ТСБ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары менен макулдашуу боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына маалымдайт.
Иш-чаралар планынын аткарылбаган пункттары бар болсо, ал калган пункттар толук көлөмдө ишке ашырылганга чейин колдонулат.
Эгерде иш-чаралар планынын айрым пункттары өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин катышуусундагы ушул багыт/маселе боюнча кезектеги тышкы саясий иш-чараны өткөрүү учуруна карата ишке ашырылбаса, анда алар жаңы иш-чаралар планына которулат, мында мурдагы иш-чаралар планы аткарылды деп эсептелет жана ал боюнча отчеттуулук токтотулат.
Өлкөнүн жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тышкы саясий иш-чараларга катышуусунун жыйынтыгында бир эле багыттагы окшош макулдашууларды/тапшырмаларды камтыган пландар кабыл алынган учурларда, алар бирдиктүү планга бириктирилиши мүмкүн.
25. Аткаруу бийлигинин органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду өз убагында жүргүзүү боюнча тийиштүү иштерди жүзөгө ашырышат.
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чараларга катышууларын даярдоо боюнча ведомстволор аралык иш пландарын жана алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чарага катышууларын даярдоо боюнча ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ИШ ПЛАНЫ (202___-ж. "___" _______________, ________________ шаары)
№ | Иш-чаралар | Мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
| ЖАЛПЫ БӨЛҮК | ||
|
|
|
|
| МАЗМУНДУУ БӨЛҮГҮ | ||
|
|
|
|
| ПРОТОКОЛ-УЮШТУРУУ БӨЛҮГҮ | ||
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чараларга катышууларын даярдоо боюнча ведомстволор аралык иш пландарын жана алардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тышкы саясий иш-чараларга катышуусунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Макулдашуулардын жана тапшырмалардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруунун жүрүшү | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын профилдик түзүмдүк бөлүмү тарабынан контроль |
|
|
|
|
|
|