Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 10
2024-2026-жылдар мезгилине карата тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 Жарлыгын жетекчиликке алып жана айыл өкмөтү тарабынан сунушталган иш-планды угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдар мезгилине карата тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жактырылып бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы VII сессиясынын 2024-жылдын 27-июнундагы №10 токтому менен бекитилди |
Күмүштак айыл аймагындагы калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, тазалыкты сактоо жана аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү багытындагы Типтүү эрежелер
1. Жалпы жобо
1. Күмүштак айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары-Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине, ”Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №262 буйругунун негизинде иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Айыл өкмөтү эрежелерде белгиленген көктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
4. Айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктайт.
2. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу
иштерин уюштуруу
5. Күмүштак айыл аймагына караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары таштанды ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен таштанды ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
6. Жеке турак жайларда жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
7. Күмүштак айыл аймагынын жерлеринде таштандыны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
1) Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды каптарга бөлүштүрүп иргейт.
8. Тургундар айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
9. Жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан аянтчалары – кызмат көрсөтүүчүгө;
10. Ижарадыгы , ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъектерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
11. Таштандылар салынган каптарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат Көрсөтүүчүгө жүктөлөт. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарыны күчү менен ишке ашырылат.
12. Таштанды салынган каптарды чогултуучу аянтардын же таштандылар салынган каптардын ашып-ташып жыйылып кетишине таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
13. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар айыл өкмөтү, айыл башчылары жана катуу турмуш- тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
14. Жолдон өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган каптарды коюуга тыюу салынат.
15. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
16. Кызмат көрсөтүүчү тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактан таштандыларды өздүк авто транспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
17. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, жарандардан катуу турмуш тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
18. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш тиричилик калдыктар чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук төлөөгө милдеттүү.
19. 27-пункта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
20. Кыймылсыз обьекттерди курууну жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу корсоткүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
21.Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу. Бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чопторду чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
22.Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
23. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
24. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
25. Коншу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
26. Таштандыларды уруксаатсыз таштоо,өрттөөгө күнөөлү адамдар
27. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн эмес болгон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо айыл өкмөтү же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
28. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
3. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу
29. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
30. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субьекттердин менчик ээлери, турак-жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо айыл өкмөтү менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчүменен тиешелуу келишимди түзүүгө милдеттүү.
31. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
32. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
33. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз
34. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлоо үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт.Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөр менен чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты баардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
35. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тратуарларды коомдук транспорттун (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды,анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактардын тазалоо менен кошо жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларды тазалайт.
36. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
37.Айыл өкмөтү көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода обүектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору,курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода обьектилеринин ээлерине жүктөйт.
38. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
39. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга,ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
40. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу.
41. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөтүнүн бүткүл аймагына анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты сактоого, көрктөндүрүү элементтерин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө ар кандай мүлк обьектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
42. Айыл аймакта тиричилик жана курулуш таштандыларын өндүрүш калдыктарын контейнерлерди кыйылган бак дарактарды, жалбырактарды карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгаруу жол берилбейт.
43. Таштанды челектерин, көчө чырактарды, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитетуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
44. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаа дөнгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарн өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
45. Газондорго, гүлзарларга, курулмаларга, балдар аянтчаларына, коллектордук дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы обьектерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
4. Жашылдандыруу
50. Обьектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
- бак-дарактарды отургузуу
- бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер
- Жер кыртышын азыктандыруу, суугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыян кечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (баардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди,таштандыларды жүктөө жана түшүрүү
- куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
- газонду багуу боюнча жумуштар
- тырмоо, жумшартуу жер семирткичтерди чачуу, суугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо,таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо,топуракка отургузуу газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу,чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
- айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка жумуштарды аткаруу.
51. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Жалпы пайдалануудагы аймактарда
- турак жайлар жайгашкан квартал ичиндеги участоктордо
- уюмдардын,иш-каналардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында өтпөл жердеги уюмдардын жетекчилерине.
52. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн суугаруунун жыштыгы май айынан октябрьды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
53. Жашылдандыруу обьектилериндеги жашыл аянттарды суугаруу эртен менен саат 08:00- 09:00 дон кечиктирбестен же кечинде саат 18:00-19:00 дон кийин жүргүзүлөт.
54. Кызматтарды /иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
55. Таажыны санитардык кыркуу иштерине эскирген,илдетке чалдыккан,куурап калган жана бузулган бутактарды,ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштериди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегитация мезгилинде жүргүзүлөт.
56 . Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу- таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун жана башка көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт, бак-дарактарды жана бадалдарды калыптануу иштери бак-дарактар чандашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (Апрель-май) жүргүзүлбөйт.
57. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарына таштандылардан тазалоодон,жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, олдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иреетке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
58. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды , таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б) жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
59. Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
60. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөндөгүлөрдү камсыздашат:
- иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылышпай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөр зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо-чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
- жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары курулуш калдыктары канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
- жайында жана кургакчылыкта газондорду, бак-дарактарды,гүлзарларды жана бадалдарды сугаруу
61. Жаны бак дарактарды жана бадалдарды отургузуу жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарын так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш.
62. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат.
- Жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо жашыл аянчаларын бузууга жана жок кылууга;
-Тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иреетке келтирүү;
-бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган кардан тышкары таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
Калдыктарды жана башка булганган заттарды газонго төгүүгө;
Жалбырактарды күйгүзүүгө жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеш үчүн чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алыр баруу максатка ылайыктуу);
-отун жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
-бак дарактарга мыктарды кагууга, бак дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын,лампалардын электр гриляндаларын, туу гриляндаларын чаптоого, зымдарды жана башка тосмоолорду тосууга;
-дарактардан шире чайыр алууга кабыгын кесип оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
-белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
-газондорго жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарга транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;
-гүлдөрдү үзүп,дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
5. Тышкы жарыктандыруу
63. Муниципалдык менчиктеги түнкү жарыктандыруу тармактарын тейлөө, айыл өкмөтү дайындалган кызмат көрсөтүүчү подрядчы тарабына жүргүзүлөт.
64. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-августундагы №155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат .
65. Түнкү жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бектилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
66. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
67. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кемболбоого тийиш.
68. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалга кармап турууга милдеттүү.
69. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаныдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу айыл өкмөтү менен макулдашылат.
70.Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактарадын , кызмат адамдарын жана жарандардын жоопкерчилиги.
71. Ушул эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Респуюликасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик жарандык жоопкерчилик белгиленет.
72. Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчилике тартылышат.
73. Таштандыларды белгиленген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренисине ылайык жоопкерчилик тартат.
74. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу айыл өкмөтүнүн атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.
Күмүштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
| Ж.Качыбекова |