Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-июлу № 144
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик менчик объекттерине, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөөнүн эсебинен берилүүчү стратегиялык объекттерге.".
2-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин экинчи бөлүгү "менчиктештирүү" деген сөздөн кийин "жана башка ээликтен ажыратуу" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |