Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 355
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча заводду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 02-6а-1203 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 5-мартындагы № 19 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагында жайгашкан, "Сан Планет Интернэшнл" жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигинде турган № 164 контурдагы жалпы аянты 1,5 га сугат айдоо жер участогу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча заводду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- айыл чарба багытындагы жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын төлөөнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогоруда аталган жер участогун максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык бул жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жер участогунун менчик ээсине карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- 110 кВ "Ботбаев-Манас" № 40-41 тирөөчтөрүн сактоону;
- "Манас" эл аралык аэропортунун аэродромунун кайрадан конструкциялануучу бардык объекттерин контролдук чекиттен 30 км радиуста Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосун өткөрүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- аталган жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталганда же жер участогу тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |