Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 344
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
2. Борбор жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" |
| ||
9 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | 1603 | 466 |
| анын ичинде |
|
|
| борбордук аппараты | 134 | 25 |
| аймактык бөлүмдөрү | 1145 | 254 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 324 | 187 |
| ". | ||
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасындагы "1 – 342-тиркемелерге" деген сөздөр "1 – 343-тиркемелерге" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-тиркемеге ылайык редакцияда 343-тиркеме менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Борбордун ишин камсыздоо үчүн 2024-жылга 7 109 000 (жети миллион жүз тогуз миң) сом өлчөмдөгү каражатты бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы
". |
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону
санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемесинин
кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн
аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 1 | 13,50 |
2 | Бизнес-аналитик | 1 | 9,95 |
3 | Башкы программист | 1 | 13,50 |
4 | Системалык администратор | 3 | 13,00 |
5 | Программист | 6 | 13,00 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацы жана 3-пункту колдонулбайт. | |||