Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 377
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" жана "Калктуу конуштардын жерлери" категорияларына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
2023-жылдын 8-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы "Евразия соода-логистикалык комплекси" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында көп функционалдуу логистикалык борборду куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 21-июнундагы № 01-12/682 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 456,57 га жер, анын ичинде 315,27 га сугат жери, 141 га кайрак айдоо жери жана 0,30 га башка жерлер көп функционалдуу логистикалык борборду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан төмөнкүлөргө которулсун (трансформациялансын):
- 179, 874, 981, 982, 983, 984 контурларында жайгашкан, жалпы аянты 141,0 га "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына;
- 179, 200, 199, 861, 862 контурларында жайгашкан, жалпы аянты 315,57 га "Калктуу конуштун жерлери" категориясына.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна үчүнчү жактардын укуктарын токтотууну жана курулуш башталганга чейин аларды мамлекеттик менчикке кабыл алууну;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын наркынын суммасынын ордун толтурууну;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаганда же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участогун баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же коргоо зонасына кирип калганда "Тарыхый-маданий мурастарды, коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |