Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 23-июлу № 410
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Экологиялык жана техникалык көзөмөл чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдү толук жана сапаттуу камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жободо:
- 10-пункттун 1-пунктчасынын жыйырма экинчи абзацы "механикалаштырылган" деген сөздөн кийин "жана механикалаштырылбаган" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде:
- 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бул Эрежелер убактылуу орнотулган (ташылуучу) аттракциондорго жана стационардык аттракциондорго (пайдубалдарда же пайдубалдарсыз чогултулган) карата жайылтылат, аларды пайдаланууда жүргүнчүлөргө КВ-1 же КВ-2 же КВ-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы биомеханикалык таасир этилет.
3. Аттракциондор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- механизациялаштырылган умтулма кыймылдагы аттракциондор (анын ичинде сууну пайдалануу менен);
- механизациялаштырылган айлануу кыймылындагы аттракциондор;
- механизациялаштырылган татаал кыймылдагы аттракциондор;
- автодромдор жана картингдер;
- механизациялаштырылган жана механизациялаштырылбаган суу аттракциондору;
- механизациялаштырылбаган аттракциондор;
- үйлөмө аттракциондор;
- балдар үчүн аттракциондор.
Аттракциондордун түрлөрү жана типтери ушул токтомдун 1-тиркемесинде берилген.
RB-1, RB-2 жана RB-3 потенциалдуу биомеханикалык тобокелдик даражасындагы аттракциондордун жүргүнчүлөрүнө биомеханикалык таасирлердин түрлөрү жана жүргүнчү отургучтарынын жантаюусунун түрлөрү ушул токтомдун 2-тиркемесинде берилген.
RB биомеханикалык тобокелдик даражалары адамдар бийиктиктен кулаганда алган жаракаттарынын кесепеттери тууралуу статистикалык маалыматтар менен негизделген.";
- 4-пункттагы "(жылгаяктар, селкинчектер, батуттар), үйлөмө аттракциондорго" деген сөздөр "(жылгаяктар, селкинчектер)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"зыян - адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлккө же айлана-чөйрөгө зыян келтирүү;
конуу зонасы - парашют буюмдарын, механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондорду колдонууда жүргүнчү конуучу жер;
окуя - парашют буюмдарында, механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондордо колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, аларды эксплуатациялоо режиминен четтөө, жогорку коркунуч булактарын эксплуатациялоо режимин белгилеген ченемдик укуктук актыларды бузуу;
жогорку коркунуч булактары - бул сандык, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон механикалаштырылган, механикалаштырылбаган жана үйлөмө аттракциондордун аныкталган предметтерин, объекттерин же техникалык түзүлүштөрүн пайдалануу менен байланышкан иш, алар колдонуу процессинде жогорку зыян келтирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ;
үйлөмө аттракцион - кургакта жана сууда активдүү эс алуу учурунда пайдалануучулардын коопсуздугун камсыз кылуучу убактылуу же туруктуу көңүл ачуучу объектти түзүү үчүн бири-бирине туташтырылган бир же бир нече кабыктан турган аба үйлөтүлгөн же үйлөнгөн (парашюттар) оюн-зоок буюмдарынын ("банан", "диван", "таблетка"), жабдуулардын жана конструкциялардын (тоочолор, батуттар, лабиринттер, секирүү зоналары) бир түрү;
парашют - бул кездемеден же башка жумшак материалдан жасалган кол чатыр түрүндөгү, убактылуу учууну жаратуу же нерсенин же адамдын абада кулашын жайлатууга арналган түзүлүш.";
- 34-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"катуу ылдамдыкта суунун үстүнө кескин ыргытуу менен байланышкан жаракаттар.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 42-1-пункт менен толукталсын:
"42-1. Үйлөмө аттракционго долбоордук-конструктордук документтерди кошпогондо, аттракционго долбоордук-конструктордук документтер өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.";
- 81-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "и" пунктчасы менен толукталсын;
"и) долбоордук-конструктордук документтерге өнөр жайлык коопсуздук экспертизасынын оң корутундусу.";
- 98-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Үйлөмө аттракциондун нөөмөтчүсү оңой тааныла турган экипировкага (сигналдык жилетке) ээ болууга жана үйлөмө аттракционду эксплуатациялоо боюнча нускаманын жана эмгекти коргоо боюнча нускаманын талаптарын сактоого, инцидент, өзгөчө (авариялык) кырдаал, кырсык болгон учурда жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн коопсуздугун жана өзүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу менен иштей билүүгө тийиш.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Эрежелер ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 12-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 1-тиркеме |
Аттракциондордун түрлөрү жана типтери
Аттракциондордун түрү | Аттракциондордун тиби |
Механизацияланган илгерилөө кыймылындагы (анын ичинде сууну пайдалануу менен) | Айлануучу тоолор, эркин кулоо мунаралары, кайыктарда же плоттордо айлантуучу суу тоолор, катапульталар, рельстеги парк поезддери, монорельстик жана аркан парк жолдору |
Механизацияланган айлануу кыймылындагы | Кароо дөңгөлөктөрү, селкинчектер, каруселдер |
Механизацияланган татаал кыймылдагы | Өнөр жай роботторунун негизиндеги аттракциондор |
Автодромдор жана картингдер | Кагышкан автомобилдер, парк автомобилдери же автопоезддер, эс алуучу картингдер (анын ичинде эстакадаларда), мини-автомобилдери бар ылдам жолдор |
Үйлөмө | Үйлөмө батуттар, тоочолор, лабиринттер |
Суудагы механизацияланбагандар | Түз жана вираждары бар суу түшүүлөр, тоочолор, трамплиндер, жарым-жартылай сууга чөмүлгөн калкып жүрүүчү платформалар, "банандар", "дивандар", "таблеткалар" |
Механизацияланбагандар | Тоочолор, селкинчектер, каруселдер, тарзанкалар, банджи-, роуп-джампинг, парасейлинг (кайыктын артындагы атайын парашют менен учуу) |
Балдар үчүн | Тоочолор, тайгактар, селкинчектер каруселдер |
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине 12-тиркеме |
Үйлөмө аттракциондорго коопсуздук ТАЛАПТАРЫ
1. Үйлөмө аттракциондорго кирген аттракциондордун ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) даярдоочу заводдун үйлөмө аттракциондорду коопсуз пайдалануу боюнча нускамасынын талаптарын аткарууга. Үйлөмө аттракциондун эксплуатанты үйлөмө аттракционду орнотуу, эксплуатациялоо, техникалык күбөлөндүрүү, техникалык тейлөө, модификациялоо жана оңдоо жол-жоболорунун аткарылышын ырастоо үчүн зарыл болгон 7-тиркемеге ылайык форма боюнча үйлөмө аттракционду эксплуатациялоону, техникалык тейлөөнү, оңдоону жана модификациялоону эсепке алуу журналынын бөлүшүн жана жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.
Үйлөмө аттракциондун конструкциясында же даярдоосунда кемчиликтер, ошондой эле эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык келбестиктер табылган учурда үйлөмө аттракциондун эксплуатанты, аны орнотууну жүзөгө ашырган уюм үйлөмө аттракционду орнотууну, эксплуатациялоону токтотууга жана аны даярдоочуга жана жеткирүүчүгө рекламация (доомат) жөнөтүүгө милдеттүү;
2) аттракциондун эксплуатациялоого даярдыгы жөнүндө актыны берүүгө, ал курамы төмөнкүлөрдөн турган комиссия тарабынан түзүлөт: монтаждык уюмдун өкүлү, эксплуатациялоочу уюмдун өкүлү, аттракционду коопсуз пайдалануу жана оң абалы үчүн адис;
3) шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуудан жана аттестациядан өткөн, ошол эле учурда аталган ишке медициналык жактан каршы көрсөтмөлөрү жок, аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу бөлүгүндө даярдыктан жана аттестациядан өткөн адамдардын иштешине жол берүүгө;
4) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын кызмат адамдарынын алардын ыйгарым укуктарына ылайык берген кабарлоолорун аткарууга;
5) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык түзүлүштөрдүн мамлекеттик реестринде каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө;
6) ушул Эрежелердин 8 жана 9-главаларына ылайык үйлөмө түзүлүштөрдү андан ары коопсуз пайдалануунун мүмкүн болгон мөөнөтүн аныктоо үчүн белгиленген мөөнөттө, анын ичинде техникалык ресурсу түгөнгөндөрдү диагностикалоону, сыноону, күбөлөндүрүүнү, техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө;
7) коопсуздук приборлорунун жана түзүлүштөрүнүн болушун, абалын жана иштешин контролдоону камсыз кылууга;
8) эксплуатациялоодо келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
9) объектти тейлөө үчүн бөтөн адамдарды киргизбөөгө;
10) эсепке алуу журналдарын жүргүзүү менен туруктуу контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
11) авариялардын кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
12) авариялык куткаруучу кесипкөй кызматтар (түзүмдөр) менен тейлөө келишимдерин түзүүгө, ал эми жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда кызматкерлердин ичинен авариялык куткаруучу түзүмдөрдү түзүүгө;
13) үйлөмө жабдууларды сактоо талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга.
Үйлөмө жана парашют буюмдарын сактоо техникалык сыпаттамага жана эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
Үйлөмө жана парашют буюмдары жабдылган бөлмөдө 15-30 ºС температурада жана 40-80% нымдуулукта сакталат.
Үйлөмө жана парашют буюмдарын абанын салыштырмалуу нымдуулугу 80%дан ашкан жагдайда сактоодо аларды тез-тез кургатуу жана ордун алмаштырып туруу керек;
14) кырсыктарды болтурбоо жана кесепеттерин жоюу үчүн финансылык каражаттардын резервине ээ болууга;
15) байкоо, кабарлоо, байланыш системаларын жана куткаруучу жилеттерди (суу аттракциондору үчүн) жана камсыздандыруу приборлорун жана түзүлүштөрүн түзүүгө жана талаптагыдай абалда кармоого;
16) авариялардын жана кырсыктардын себептерин иликтөөгө катышууга;
17) экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга авариялар, инциденттер жана кырсыктуу окуялар жөнүндө, алардын келип чыгуу себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүгө.
2. Үйлөмө аттракционду орнотуу, эгерде эксплуатациялык документтерде башкача каралбаса, анын эксплуатанты же үйлөмө аттракциондун эксплуатанты аныктаган уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Үйлөмө аттракциондун эксплуатанты же үйлөмө аттракционду орнотуучу уюм үйлөмө аттракционду орнотууну баштоонун алдында анын абалын жана комплекттүүлүгүн баалоо максатында карап чыгууга тийиш. Үйлөмө аттракциондун табылган дефекттери же бөлүктөрүнүн бузулушу эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн жол берилген дефекттердин жана бузулуулардын сыпаттамасы менен салыштырылууга тийиш.
4. Үйлөмө аттракционду орнотууда жүргүнчүлөр, келүүчүлөр жана тейлөөчү персонал үчүн эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык коопсуз аралыктарды сактоо камсыздалууга тийиш.
5. Үйлөмө аттракционго кирүү жана чыгуу үйлөмө аттракциондун эксплуатациялык документтерине ылайык уюштурулууга тийиш.
6. Эксплуатациялык документтерде кирүүнү жана чыгууну уюштурууга талаптар жок болсо, үйлөмө аттракциондун жайгашуусу коопсуз кирүүнү, чыгууну, анда жана (же) анын жанында жүргүнчүлөрдүн жана (же) келүүчүлөрдүн болушун, аларды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга, ошондой эле өзгөчө (авариялык) кырдаалдарда түртүшүүнү болтурбоого жана кооптуу тыгындарды жаратпоого тийиш.
7. Өрт учурунда өртгүн жайылуусун болтурбоо үчүн үйлөмө аттракциондорду коңшу аттракциондордон, имараттардан (курулмалардан) алыс аралыкта жайгаштыруу зарыл.
8. Үйлөмө аттракционду орнотуу үчүн аянтчанын өлчөмдөрү жана үстүңкү бетинин каалаган багытта жол берилген жантаюусу эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн маанилерге шайкеш келүүгө тийиш.
9. Үйлөмө аттракционду орнотуу үчүн аянтчанын үстү тегиз болууга тийиш. Эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, үйлөмө аттракционду аянтчага каалаган багытта 5%дан ашпаган жантаюу менен орнотууга жол берилет.
10. Үйлөмө аттракционду орнотуу үчүн аянтча таштандылардан, аянтчанын үстүндө жайгашкан же андан чыгып турган курч жана башка предметтерден тазаланууга тийиш. Үйлөмө аттракцион инженердик тармактар (коммуникациялар), имараттар, курулмалар, бак-дарактар жана коркунуч туудурган башка предметтер сыяктуу мүмкүн болгон коркунучтардан эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн аралыкта жайгаштырылууга тийиш. Эксплуатациялык документтерде аталган талаптар жок болгон учурда үйлөмө аттракцион мүмкүн болуучу коркунучтардан аны коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуучу, бирок 2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
11. Үйлөмө аттракциондорду, мамыларды жана казыктарды орнотууда жер үстүндөгү жана жер астындагы инженердик (тармактарга) коммуникацияларга зыян келтирүүгө жол берилбейт. Инженердик инфраструктура объекттеринин коргоо зоналарында үйлөмө аттракционду орнотуу өзгөчөлүктөрү мыйзамдарга ылайык белгиленет.
12. Үйлөмө аттракционду имараттын бүт дубалынын же дубалынын маңдайына коюуга жол берилет. Мындай учурда бүт дубалдын (дубалдардын) бийиктиги үйлөмө аттракциондун үстүнкү платформасынын эң бийик жеринен 2 метр жогору болууга тийиш. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр жана келүүчүлөр үчүн кошумча коркунучтар болбоого тийиш. Эгерде үйлөмө аттракциондор бири-биринин жанында жайгашса же өз ара туташса, эксплуатациялык документтердин жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүргүнчүлөр, келүүчүлөр жана тейлөөчү персонал үчүн анын коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуучу мейкиндик ар бир үйлөмө аттракцион үчүн камсыз кылынууга тийиш.
13. Үйлөмө аттракциондун тосмосунун же ага кирүүнү чектөөнүн башка каражаттарынын түрү, бекемдиги жана туруктуулугу эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
14. Тосмодон үйлөмө аттракциондун сырткы дубалдарына чейинки минималдуу аралык 1,8 метрден кем эмес, ал эми ачык тарабы - 3,5 метрден кем болбоого тийиш. Тосмодо жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн кирүүсү жана чыгуусу үчүн туурасы 1 метрден кем эмес өтмөк каралууга тийиш. Эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, компрессор үйлөмө аттракциондун сырткы дубалынан 1,2 метрден кем эмес аралыкта же ачык тараптан 2,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
15. Компрессор үйлөмө аттракциондун элементтеринин ичинде жайгашкан учурда, эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, аны менен оюн зонасынын, коопсуздук зонасынын, рампанын (кирген тепкичтин, траптын) ортосундагы аралык 2,5 метрден кем болбоого тийиш.
16. Үйлөмө аттракциондун кыймылдуу элементтери, мисалы аркандар, аркан тепкичтер, торлор - бири-бири менен чырмалышпоого жана жүргүнчүлөр үчүн кыпчылып калуу коркунучун жаратпоого тийиш.
17. Электр шкафтары, электр булактары, жарыктар жана алардын ток өткөрүүчү бөлүктөрү жүргүнчү менен мүмкүн болгон контакттан жана уруксатсыз кирүүдөн корголууга тийиш. Электр кабелдери жүргүнчүлөрдөн жана келүүчүлөрдөн коопсуз аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
18. Үйлөмө аттракционду орнотуу процессинде тосмолордун, шарттуу графикалык белгилердин, оозеки эскертүүлөрдүн жана башкалардын жардамы менен жумуш зонасына чоочун адамдар киргизилбөөгө тийиш.
19. Үйлөмө аттракциондун бекиткичинин ар бир түйүнү эксплуатациялык документтерге ылайык бекитилүүгө тийиш.
20. Үйлөмө аттракционду бекитүү, эгерде жабдууну даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, катуу бекиткичтин элементтерин (анкерлерди, стержендерди) же балласт системасынын элементтерин (кум салынган каптарды же башка жүктөрдү) колдонуу менен анкердик системаны колдонуу менен же бекитүү үчүн шаймандарды (фитингдер) (мындан ары, эгерде башкача көрсөтүлбөсө - бекитүү элементтери) колдонуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, ар бир үйлөмө аттракциондо алтыдан кем эмес бекитүү чекити болууга тийиш.
Катуу бекиткичтин ар бир элементинин узундугу 3,8 м кем эмес, диаметри 16 мм кем эмес жана 1600 Н кем эмес жүккө туруштук берүүгө тийиш. Жүк колдонуу багыты кыртыштын деңгээлине же аянтчанын бетине карата 30ºтан 45ºка чейинки бурчту түзүүгө тийиш.
Катуу бекиткичтин элементтери жүк колдонуу багытына карама-каршы багытка бурулууга тийиш. Алардын үстүңкү бөлүктөрү тегеректелүүгө тийиш жана кыртыштын деңгээлинен же аянтчанын каптоосунан 25 мм ашык чыкпоого тийиш.
21. Катуу бекиткичти (стержендерди, анкерлерди) колдонууга мүмкүн болбогон аянтчаларда үйлөмө аттракцион, эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, алардын ар бири жылышпастан 1600 Н кем эмес жүктү көтөрө алган шартта, аянтчада болгон бекитүү үчүн шаймандарга (фитингдерге) же балласт системасынын элементтерине (кум салынган каптарга же башка жүктөргө) бекитилет.
22. Үйлөмө аттракциондо жайгашкан ар бир бекитүүчү түйүн, эгерде даярдоочу тарабынан башкача каралбаса жана эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөсө, чоюлуп тартылууга, ийилүүгө жана начар жерлери болбоого тийиш болгон байлоочу элементтердин жардамы аркылуу бекитүү элементтери менен бириктирилет.
Ар бир байлоочу элемент бир учу менен үйлөмө аттракциондо жайгашкан бекитүү түйүнүнө, ал эми экинчи учу менен бекитүү элементтеринин бирине бекитилет.
Байлоочу элементтерди бекитүү үчүн алардын өзүнөн-өзү чечилишине жол бербеген түйүндөрдү колдонуу керек.
Үйлөтмө аттракциондорду төмөнкүлөргө бекитүүгө жол берилбейт:
- транспорт каражаттарына;
- кирүү мүмкүндүгүн чектөө системасына;
- өз ара;
- электр берүү линияларынын таянычтарына, жарнама тактайларынын түркүктөрүнө жана үйлөмө аттракционду бекитүү үчүн арналбаган же эксплуатациялык документтерде көрсөтүлбөгөн башка предметтерге.
23. Үйлөмө аттракционду жаңы жерге ар бир орноткондон кийин аны жүргүнчүлөр менен эксплуатациялоону баштоонун алдында эксплуатант толук текшерүүнү жүргүзүүнү, жүргүнчүлөрсүз эксплуатациялоо режиминде үйлөмө аттракциондун ишин сынап иштетип көрүүнү жана натыйжаларды пайдаланууну эсепке алуу журналынын 5-бөлүмүндө тариздөөнү камсыз кылат.
Толук текшерүү эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
24. Үйлөмө аттракционду орнотууда алардын көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүндө начарлоо жок экендигине ынануу үчүн кыртыштын абалын, аянтчанын каптоосун контролдоо керек.
25. Парашют менен сүзүүдө төмөнкү коопсуздук талаптары сакталышы керек:
- катердин (же башка транспорт каражатынын) ылдамдыгы саатына 50-60 км болушу керек;
- учуу бийиктиги 60 м чейин болгон учурда аркандын узундугу болжол менен 120 м болушу керек. Калкып учуп тургандын салмагы 110 кг ашпоого тийиш;
- жакын жердеги суу (жер) бетинде эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек;
- аба ырайынын жагымдуу шарттары, күчтүү эмес шамал (кыймыл шамалга каршы жүргүзүлөт);
- кеминде үч адамдан турган тажрыйбалуу команда - учуу жетекчиси, катердин айдоочусу жана жардамчысы;
- жабдууларды күн сайын текшерүү, коопсуздук техникасы боюнча журналга каттоо менен жүргүнчүлөргө кылдат инструктаж берүү.
26. Сууга парашют менен отургузууга күндүз суунун температурасы 170 ºС төмөн эмес жана суунун үстүнө отургузуу зонасынын тереңдиги 1,5 м кем эмес болгондо, парашютчулардын шлемдери жана куткаруучу сууда сүзүү жеке жилеттери бар болсо гана уруксат берилет.
27. Суунун үстүнө отургузуу районунун борбору катерлердин жана скутерлердин кыймыл трассаларына 100 м жакын болбоого тийиш. Парашютчуларды жана чечилген парашюттарды алуу үчүн арналган сууда сүзүү каражаттары моторлуу болууга тийиш.
28. Жерге парашют менен отургузууга жүргүнчүлөрдүн, келүүчүлөрдүн, тейлөөчү персоналдын жаракат алуусуна алып келиши мүмкүн болгон каалаган тоскоолдуктар болбогон зонада уруксат берилет. Аталган зонанын туурасы 5 метрден кем болбоого тийиш.".