Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 388
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 1 дарегинде жайгашкан, аянты 11064,63 кв.м, идентификациялык коду 1-01-12-0014-0781, бааланган наркы 289340000 (эки жүз сексен тогуз миллион үч жүз кырк миң) сомду түзгөн жер участогун мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун бааланган наркын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына которсун;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн баалоо наркын которгондон кийин мамлекеттин менчигине кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна менчик укугун каттоону камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыялынды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |