Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Талас шаарынын кеңешинин

2024-жылдын 18-июнундагы № 251/35-8 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги  XIX сессиясы

 

2022-жылдын 27-декабры № 39/19-8

Талас шаарында алдыңкы спортсмендерди жана машыктыруучуларды сыйлоо боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жаштар, дене тарбия жана спорт секторунун 04.08.2022-жылдагы №01-21/2264 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ”Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №12 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Талас шаарында “Олимпиада оюндарынын түрлөрү боюнча спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлоо” жөнүндөгү 2020-жылдын 25-февралындагы №255/36-7 токтому жокко чыгарылсын

2.            “Талас шаарында алдыңкы спортсмендерди жана машыктыруучуларды сыйлоо боюнча” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.            Акчалай сыйлыктар үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору аркылуу каржылансын.

4.            Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

5.            Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (К. Карагулова) тапшырылсын.

 

Төрага

 А. Жусупбеков

  

Талас шаарынын алдынкы спортсмендерин жана машыктыруучуларын сыйлоо боюнча

ЖОБО

1.Жалпы Жобо

1.            Бул Жобо олимпиада оюндарына кирген спорттун түрлөрү боюнча олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, жаш курактар боюнча дүйнө чемпионаты, азия чемпионатында, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын,студенттер арасындагы Дүйнө чемпионатында, ислам шериктештик оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон спортсмендерди жана окутуп тарбиялаган машыктыруучуларын бир жолу акчалай сыйлоонун өлчөмүн, дайындоонун жана төлөөнүн тартибин аныктайт.

2.            Акчалай сыйлыктар Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

3.            Акчалай сыйлыктар менен Талас шаарынын спортсмендери жана машыктыруучулары сыйланат.

2. Акчалай сыйлыктардын өлчөмү жана төлөө тартиби

4. Акчалай сыйлыктардын өлчөмү 6-пунктта(таблица)көрсөтүлгөн критерий боюнча календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун бюджеттик каржылоосунун чегинде белгиленет жана алдынкы спортчуларга, машыктыруучуларга бир жолу төлөнүп берилет. Машыктыруучуга көрсөтүлгөн категориядагы сумманын 30% төлөнөт. Акчалай байгелер спорттун олимпиядалык түрлөрү боюнча 7 категорияга бөлүнөт:

-I категория – 200000(эки жүз) миң сом

  -II категория 150000(жүз элүү) миң сом

-III категория 100000(жүз ) миң сом

-IV категория 90000(токсон ) миң сом

-V категория 80000(сексен ) миң сом

-VI категория 50000(элүү ) миң сом

-VII категория 30000(отуз ) миң сом

5. Акчалай байгени төлөө ушул жобонун 3-главасына ылайык Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун, жергиликтүү бийликтин жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин мүчөлөрүнөн турган комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт.

3.Жеңүүчүлөргө төлөнүүчү акчалай байгенин критериясы

6.Олимпиядалык, паралимпиядалык, сурдлимпиядалык спорттун түрлөрү боюнча

 

 

Иш чаранын аталышы

I

категория

II

категория

III

категория

IV

категория

V

категория

VI

категория

VII

Категория

 

 

 

 

Ээлеген орду

1

Олимпиялык оюндар

(Паралимпиялык оюндар)

1

2

3

 

 

 

 

 

2

Сурдлимпиялык оюндар

 

 

 

1

2

3

 

 

3

Өспүрүмдөрдүн олимпиялык оюндары

 

 

 

1

2

3

 

 

4

Азия оюндары

(Азия пара оюндары)

 

 

1

2

3

 

 

 

5

Дүйнө Чемпионаты

 

 

 

 

 

 

 

 

 

-Улуулар

 

1

2

3

 

 

 

 

 

-жаштар(U 23 кирет)

 

 

 

 

1

2

3

 

 

-өспүрүмдөр(кадеттер)

 

 

 

 

1

2

3

 

6

Азия Чемионаты

 

 

 

 

 

 

 

 

 

-Улуулар

 

 

1

2

3

 

 

 

 

-жаштар(U 23 кирет)

 

 

 

 

1

2

3

 

 

-өспүрүмдөр(кадеттер)

 

 

 

 

1

2

3

 

7

Дүйнөлүк универсияда

 

 

 

1

2

3

 

 

8

Студенттер арасындагы Дүйнө Чемпионаты

 

 

 

1

2

3

 

 

 

Эскертүү:

-командалык спорттун түрлөрү боюнча байгелер команданын мүчөлөрү жана машыктыруучулары ортосунда тең бөлүнөт

4.жеңүүчүлөрдү аныктоо

  7.жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн көрсөтүлүүчү документтер:

-спортсмендин арызы же машыктыруучунун рапорту;

-мелдештин протоколу;

-Талас шаарындагы спорт мектебинде машыккандыгы тууралуу спорт мектеби тарабынан берилген тактамасы.

-Талас шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тактамасы.

-Жеңүүчү Талас шаарынын курама-командасынын мүчөсү болуусу шарт.

-Машыктыруучу Талас шаарына караштуу спорт мектептеринде же шаардык спорт федеацияларында (аталган спорттун түрү боюнча) иштөөсү зарыл.

-паспорттун көчүрмөсү

-акча которуу үчүн карталык эсеби;

8.акчалай байге берилбейт эгерде:

-курама командадан четтетилгенде;

-мыйзамга каршы дары-дармектеди колдонгондо(допинг);

-жалган докуметтерди колдонгондо;

-эл аралык мелдештерде башка мамлекеттин атынан чыкканда

5.Комиссиянын курамы жана тартиптери.

9.Сыйлоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

-Талас шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри

-Талас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы(макулдугу менен)

-Талас шаардык Жаштар иштери,дене тарбия жана спорт секторунун башчысы

-Сыйлануучу жактардын, спорт мектептеринин (спорт федерациясынын) жетекчиси

10.Сыйлоо боюнча комиссиянын отуруму,комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.Комиссиянын жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.

11.Сыйлоо бардык олимпиядалык спорттун түрлөрү боюнча жыл жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.(4-квартал)