Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661, 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Маммүлк) болуп саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие "Кыргызметаллпром" при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызметаллпром" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргызметаллпром".
7. Ишкананын юридикалык дареги: 720054, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 230.
8. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттары бар.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын ишинин предмети түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуу жана кайра иштетүү болуп саналат.
12. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2. Ишкананын ишинин максаты
13. Ишкананын ишинин максаты мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуудан жана кайра иштетүүдөн киреше алуу болуп саналат.
3. Ишкананын милдеттери
14. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- ички рынокто түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуу;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын өнөр жайлык кайра иштетүүнү өз алдынча жүргүзүү;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын жыйноо, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча көлөмдү көбөйтүү;
- Ишканага берилген мамлекеттик менчиктеги мүлктү, ошондой эле продукцияны жана товарларды башкаруу;
- тооруктарды өткөрүү, тоорукка коюлуучу товарлар боюнча суроо-талаптарды жана сунуштарды табуу;
- автоматтык жана жарым автоматтык өндүрүштүк жабдууларды колдонуунун эсебинен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, илимий-техникалык процессти тездетүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү, иштин сапатын жакшыртуу;
- функционалдык милдеттерди чечүү үчүн түз инвестицияларды тартуу.
- конфискацияланган товарларды, А классындагы медициналык калдыктарды жана башка калдыктарды белгиленген тартипте утилдештирүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруу;
- А классындагы медициналык калдыктарды жана башка калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча уюмдар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишкананын функциялары
15. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- соода-коммерциялык иш;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын жыйноо, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча чарбалык жана коммерциялык иш;
- түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын жыйноо, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча пункттарды ачуу;
- Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;
- жумушчу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, алдыңкы тажрыйбаны кеңири колдонуу, окутуунун жаңы методдорун жана каражаттарын колдонуу;
- Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө, ошондой эле продукцияга жана товарларга белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу;
- чарбалык жана өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү;
- ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын максаттарына шайкеш келген башка функциялар.
- конфискацияланган товарларды, А классындагы медициналык калдыктарды жана башка калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча коммерциялык иш;
- пластик, металл буюмдарын өндүрүү жана сатуу;
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
- ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды белгиленген тартипте алууга;
- продукцияны, товарларды, зарыл болгон материалдарды жана буюмдарды белгиленген тартипте алууга;
- Ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
- өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүргүзүүгө;
- ага берилген мүлктү Маммүлктүн макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
- Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды белгиленген тартипте уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- Маммүлк менен макулдашуу боюнча фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышууга (мүчөлүк);
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга бааларды белгиленген тартипте бекитүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик ишти жүргүзүүгө;
- Ишкананын белгиленген максатына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүргүзүүгө.
17. Ишкана өзүнүн максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- ага берилген мамлекеттик мүлктү сактоону камсыз кылууга, натыйжалуу башкарууга жана пайдалануудан пайда алууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- белгиленген мөөнөттөрдө Маммүлккө бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө квартал сайын жана жыл сайын отчетторду берүүгө.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин, мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
6. Маммүлктүн компетенциясы
19. Маммүлктүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын жана финансы-чарбалык ишин ишке ашырууну талдоо жана ага мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
- Ишкананын фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Ишкананын директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
- Ишканага таандык болгон мүлктүн багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Маммүлктүн компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
20. Маммүлк төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- Ишкананын директорунун ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорунун орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө;
- Ишкананын директорунун отчетторун угууга;
- Ишканага таандык мүлктү натыйжалуу пайдаланууну, багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө;
- Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
- Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга.
Маммүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
21. Маммүлк төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
- укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын директору жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Маммүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
7. Ишкананын ишин уюштуруу
22. Ишкананын ишин директор жетектейт.
23. Ишкананын директору Маммүлктүн сунушу боюнча Ишкананын директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарга шайкеш келген талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
24. Директор Маммүлктүн жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
25. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө кварталдык/жылдык отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
26. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
- Маммүлккө Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорлорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
- бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- Маммүлктүн чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- Маммүлк менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
- эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
- ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүргүзүү.
27. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен Маммүлккө кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ болот.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Маммүлктүн суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- Маммүлктүн кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
- коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга жарыялабоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
29. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында анын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын, Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- компетенциянын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, иштөө режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Маммүлк менен макулдашуу боюнча эсепке алуу саясатын бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерди/бүтүмдөрдү түзөт;
- орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Ишкананын башка кызматкерлеринин оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Ишкананын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын аныктайт;
- финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Маммүлккө ушул Уставга, рыноктун конъюнктурасына жана эмгек шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
31. Ишкананын директору:
- жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ишканада Ишкананын директорунун эки орун басарынын кызмат орду каралган.
Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басарлары Маммүлктүн жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин уюштурат.
33. Ишкананын директору жок учурда Ишкананын директорунун буйругунун негизинде директордун орун басарларынын бири Ишкананын ишин жетектейт.
Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Маммүлктүн тиешелүү буйругунун негизинде Ишкананын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
34. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Ишкананын директоруна түздөн-түз баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
35. Ишкананын чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
8. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
36. Ишкана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчетту бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
37. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин Маммүлккө бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет.
38. Ишкана өз ишин жылдык иш пландын жана Ишкананын 3 жылга орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзөт.
39. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын берүүчүлөр, ижарага алуучулар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
40. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
41. Ишкана финансы-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат, Маммүлк тарабынан бекитилет.
42. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын формулировкасы;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
- уюштуруу планы;
- финансылык план;
- тобокелдиктерди талдоо.
43. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору Маммүлккө Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
44. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
45. Маалыматты алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
46. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
9. Ишкананын мүлкү жана финансы
47. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат, максатка жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди, функцияларды аткаруу үчүн Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилет.
48. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Маммүлк тарабынан ага берилген мүлк;
- өзүнө бекитилген мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, продукция;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
49. Финансы-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан курулган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчигине түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилет.
50. Ишкана мүлктү экономикалык максатка ылайыктуулукту жана уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык пайдаланат.
51. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которуу менен Маммүлктүн алыш-бериш эсебине ал бекиткен өлчөмгө ылайык таза пайданын бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот.
52. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
10. Корутунду жоболор
53. Ишкана өз ишинде Маммүлккө отчет берет.
54. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
55. Ишкана кайра уюшулган жана жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.