Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-июлу № 429
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жаза аткаруу системасынын мекемелеринде дарылоочу-профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 101-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |