ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696 «Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтому менен киргизилген өзгөртүү 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 9-октябры № 696

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде дарылоочу-профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 101-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев