Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 441
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган реестр боюнча алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) бир ставкага эсептегенде 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө, бирок бир кызматкерге 20000 (жыйырма миң) сомдон ашык эмес компенсациялык төлөмдөр;
2) Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардамдарынын врачтарына өзгөчө эмгек шарттары үчүн түзүлгөн келишимдерге ылайык иш жүзүндө иштеген убактысына жараша 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) алыскы райондорго, чакан шаарларга жана айыл жергесине саламаттык сактоо уюмдарына иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистиктердин реестрин бекитсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |