Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябры № 616 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн шарттары жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 616
Кабыл алынган
2026-жылдын 15-сентябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 624 · 2026-жылдын 15-сентябры
Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 70 (3830) · 2026-жылдын 18-сентябры

Реестрде

Минюст коду
230052183

Минюсттун расмий барагы

Категория

ЗдравоохранениеМедицинский работникЭмгекке акы төлөөОплата труда отдельных категорий работниковЖумушчуларТруд

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция15.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 15-сентябры № 616

 

 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо

уюмдарынын медициналык кызматкерлерине

компенсациялык төлөмдөрдүн

шарттары жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 151 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2024-жылдын 1-июлунан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин:

– клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;

– саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык бир ставкага эсептегенде 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө, бирок бир кызматкерге 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйындан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр;

2) 2026-жылдын 1-январынан тартып:

-     клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;

-     саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык, негизги иштеген жери боюнча 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр;

3) 2024-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардам врачтарына өзгөчө эмгек шарттары үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизги иштеген жери боюнча төлөнүүчү 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санынын чегинде жана тиешелүү жылдарга каралган бюджеттин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 441 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн шарттары жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.