Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 442
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация кардарларын кайра социалдаштыруу маселелери боюнча түзөтүү мекемелеринин администрациялары жана пробация органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 111-беренесин, "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11, 12-беренелерин ишке ашыруу, жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, пробация кардарларын түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн толук шарттарды камсыздоо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн социалдык коштоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча түзөтүү мекемелеринин администрациялары жана пробация органдары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн механизмин түзүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация кардарларын кайра социалдаштыруу маселелери боюнча түзөтүү мекемелеринин администрациялары жана пробация органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар министрликтердин жана административдик ведомстволордун республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарынын каражаттарынын чегинде жүргүзүлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 536 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 7-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 06-августундагы № 59 (3613) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |