ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-декабры № 350

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59, 2024-жылдын 31-июлундагы № 442,   2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 582 «Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:

– 2-пунктунда:

1-пунктчасынын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ЖАМК)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пунктчасындагы «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

– 4, 6, 10, 16, 19-пункттарындагы «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 745 «Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибинде:

– жогоруда аталган Тартиптин 2, 3-тиркемелериндеги «Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жободо:

– 14, 20-пункттарындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 18-пунктундагы «2011-жылдын 23-сентябрдагы № 604» деген сөздөр «2018-жылдын 22-августундагы № 379» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 19-пунктундагы «борбордук органы» деген сөздөр «борбордук аппараты» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы жана 1-пунктундагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускамада:

– аталышындагы жана 1-пунктундагы «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта» деген сөздөр «Соттук-эксперттик кызматта» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 1, 4, 6, 11–15, 17, 20, 25, 26, 34, 36–40, 42, 43, 46, 49- пункттарындагы жана 2-бөлүмдүн аталышындагы «МСЭК» деген аббревиатура «СЭК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

– 36-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксперт кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч жиберсе, СЭКтин жетекчиси экспертиза жүргүзүү мөөнөтүн 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

– тиркемедеги «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534 «Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибинде:

– 2-тиркемесинде:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 442 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 «Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:

– 3-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 11-пунктунун 1-пунктчасында:

«жазык жазаларын» деген сөздөрдөн кийин «, административдик жазаларды» деген сөздөр менен толукталсын;

«аткаруу иши» деген сөздөрдөн мурда «, ошондой эле укук бузуулар» деген сөздөр менен толукталсын;

– 14-пунктундагы «Премьер-министри» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин Төрагасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы №706 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы» дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктундагы «76» деген цифралар «75» деген цифралар менен алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 716 «Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентинде:

– 2-пунктунда:

6-пунктчасындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

11-пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ЖАМК)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы (мындан ары – ЖАК)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

12-пунктчасындагы «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында:

– 26, 27-пункттарындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

– жогоруда аталган Тартиптик уставдын 1-тиркемесиндеги «Премьер-министрине» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган Тартиптик уставдын 2-тиркемесинде:

«Премьер-министрине» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунда:

– 1-пунктчасындагы «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр «Соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 2–5-пунктчаларындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «мамлекеттик кызмат» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «кызмат» деген сөз менен алмаштырылсын;

2)  (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3)  (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жободо:

– аталышындагы жана 1-пунктундагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 1–8, 11–18, 20–24-пункттарындагы «МСЭК» деген аббревиатура «СЭК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

– 2–5-главаларынын аталышындагы «МСЭК» деген аббревиатура алып салынсын;

– 8-пунктундагы «борбордук аппаратынын» деген сөздөр алып салынсын;

– 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«9. СЭКтин толук фирмалык аталышы:

мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат»;

расмий тилде: «Судебно-экспертная служба при Министерстве юстиции Кыргызской Республики».

СЭКтин кыскартылган аталышы:

мамлекеттик тилде: «Соттук-эксперттик кызмат»

расмий тилде: «Судебно-экспертная служба».»;

– 10-пунктундагы «, Ж.Бөкөнбаев көч., 97» деген сөздөр алып салынсын;

– 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«– белгиленген тартипте СЭКтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун түрлөрүн колдонот;»;

– мамлекеттик тилдеги текстиндеги 20-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5)  (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7)  (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8)  (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 59 , 2025-жылдын 10-мартындагы  № 124 токтомдорунун редакцияларына ылайык, )

13. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

14. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

15. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-январындагы № 1 (3336) жарыяланды

 

Төрага

А.У. Жапаров