Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин
2024-жылдын 5-августундагы № 229/36-5
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 8-июлу № 222/35-5
Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 73 “а” дарегинде жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратын Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 08-июлундагы №1-22/2223 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 73 “а” дарегинде жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратын Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Б.Доконов |