Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 462-т тескемесине) |
Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитет жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитет (мындан ары - ведомстволор аралык комитет) - Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун авиациялык коопсуздук чараларын камсыздоо, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү жана учуулардын коопсуздугун башкаруу боюнча ишин координациялоо үчүн дайындалган коллегиялуу орган болуп саналат.
2. Ведомстволор аралык комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин биргелешкен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Ведомстволор аралык комитеттин курамы
3. Ведомстволор аралык комитет ведомстволор аралык комитеттин төрагасынан, төрагасынын орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турат.
4. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жарандык авиация маселелерин тейлеген орун басары эсептелет. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жок учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
5. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчиси эсептелет.
6. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү болуп ушул тескеменин 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жетекчилери эсептелет.
7. Ведомстволор аралык комитеттин катчысы болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчисинин орун басары эсептелет.
3-глава. Ведомстволор аралык комитеттин функциялары
8. Ведомстволор аралык комитеттин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында авиациялык коопсуздук чараларын камсыздоо жана жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо маселелерин кароо;
2) аэропорттордун контролдонбогон зоналарында коопсуздук чараларын камсыздоо маселелерин кароо;
3) жарандык авиациянын коркунучтарын нейтралдаштыруу үчүн зарыл болгон авиациялык коопсуздук жаатында консультациялык жардам көрсөтүү;
4) эл аралык аба ташууларына карата колдонулуучу чек ара жана башка формалдуулуктар жаатындагы маселелерди кароо;
5) министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана башка жактар тарабынан авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндөгү ченемдик актыларды аткаруу жана координациялоо боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу;
6) министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана башка жактар тарабынан авиациялык коопсуздук, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча мамлекеттик программаларды/жоболорду жана аларды ишке ашыруу пландарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, макулдашуу;
7) министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана башка жактар тарабынан авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Глобалдык планды ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) аэродромдордун аймагындагы жандуу жаратылышты жөнгө салуу, аба кемелеринин канаттуулар жана жапайы жаныбарлар менен кагылышуу коркунучун азайтуу, аэродромдордун аймагына жаныбарларды жана канаттууларды тартууга өбөлгө болуучу коркунучтуу шарттарды жоюу жаатындагы маселелерди кароо;
9) жарандык авиация чөйрөсүндөгү жерди пайдалануу, экологиялык талаптардын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салуу жаатындагы маселелерди кароо;
10) авиациялык коопсуздук, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча жумушчу топтор киргизүүчү маселелерди кароо;
11) авиациялык коопсуздук, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча аэропорттук комитеттер киргизген маселелерди кароо;
12) натыйжалуу Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын киргизүү жана башкаруу;
13) Учуулардын коопсуздугу мамлекеттик саясатын калыптандыруу жана аны илгерилетүү;
14) жарандык авиациянын ишине таасир этиши мүмкүн болгон болжолдонгон өзгөрүүлөрдү жана келип чыккан тобокелдиктерди кароо жана учуулардын коопсуздугун натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
15) Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасына катышкан учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мекемелердин ишин жана милдеттерин координациялоо;
16) Кыргыз Республикасынын авиатранспорт системасынын учууларынын коопсуздугунун жалпы көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү;
17) учуулардын коопсуздугунун алгылыктуу деңгээлине жана Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк максаттарына мониторинг жүргүзүү жана жетишүү;
18) Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын аткаруу боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу;
19) Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын жана Учуулардын коопсуздугу боюнча улуттук программасын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
20) учуулардын коопсуздугу жөнүндө талданган маалыматтардын жана Учуулардын коопсуздугу улуттук өкмөттүк негизинде жарандык авиация органы берген маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алуу;
21) Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жетекчилеринин биргелешкен буйруктарын иштеп чыгуу жана макулдашуу, алардын аткарылышын контролдоону жана талдоону жүзөгө ашыруу;
22) учуулардын коопсуздугун башкаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык комитет кабыл алган чечимдерди (сунуштамалардын) жана башка жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун натыйжаларын кароо (жыйынтыктарын талкуулоо);
23) башка өлкөлөрдүн иш тажрыйбасын үйрөнүү, зарыл болгон учурда эл аралык кызматташтыкты уюштуруу жөнүндө сунуш киргизүү.
9. Ведомстволор аралык комитеттин чечимдери протокол түрүндө ишке ашырылат жана бардык министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары, ошондой эле өз ишин жарандык авиация объекттеринде жүзөгө ашыруучу же иши жарандык авиациянын ишине тиешеси бар башка жактар (юридикалык, жеке жактар) тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-глава. Ведомстволор аралык комитеттин укуктары
10. Ведомстволор аралык комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, жарандык авиация субъекттеринин жана башка адамдардын кароосуна авиациялык коопсуздук, учуулардын коопсуздугу, абада ташуулардагы формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү чараларын ишке ашыруу жана координациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) авиациялык коопсуздуктун ченемдерин, эрежелерин, жол-жоболорун, Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын ишке ашыруу, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык авиация субъекттери, коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга;
3) авиациялык коопсуздук жана аба ташууларындагы формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндөгү ченемдик актылардын Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын аткарууну камсыз кылуучу чечимдерди өз компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
4) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана жеке мекемелерден жана ишканалардан өз функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;
5) зарыл болгон учурда комитеттин ишине министрликтердин, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелердин жана ишканалардын адистерин белгиленген тартипте тартууга.
5-глава. Ведомстволор аралык комитеттин иш-аракеттерин уюштуруу
11. Ведомстволор аралык комитет өз ишин ушул Жобого жана ведомстволор аралык комитеттин төрагасы (мындан ары - төрага) бекиткен иш планына ылайык жүзөгө ашырат.
12. Ведомстволор аралык комитеттин ишинин негизги формасы болуп жыйналыштар саналат, алар зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
13. Ведомстволор аралык комитеттин кезексиз жыйналышы ведомстволор аралык комитеттин төрагасы же мүчөлөрүнүн сунушу боюнча чакыртылат.
14. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү жыл сайын 31-декабрга карата төрагага алдыдагы жылга ведомстволор аралык комитеттин иш планынын долбооруна киргизүү үчүн сунуштарды жөнөтөт. Төраганын келип түшкөн сунуштарынын жана тапшырмаларынын негизинде катчы көрсөтүлгөн жылдык иш пландын долбоорун даярдоону уюштурат жана аны ведомстволор аралык комитеттин жыйналышында андан ары кароо үчүн төрагага берет.
15. Ведомстволор аралык комитеттин ар бир жыйналышынын алдын ала күн тартибинин долбоорун иштеп чыгуунун жана ведомстволор аралык комитеттин жыйналышында кароо үчүн документтерди даярдоонун тартиби жана мөөнөттөрү ведомстволор аралык комитеттин катчысынын сунушу боюнча төрага же анын орун басары тарабынан белгиленет. Ведомстволор аралык комитеттин алдын ала күн тартибинин долбоору, ошондой эле кезектеги жыйынын өткөрүү мөөнөтү төрага тарабынан каралат жана бекитилет.
16. Ведомстволор аралык комитеттин ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин адистери жана эксперттери, ошондой эле макулдашуу боюнча эксперттик жардам көрсөтүү үчүн көз карандысыз адистер жана эксперттер тартылышы мүмкүн.
17. Иштелип чыккан документтердин долбоорлору төрага же катчы тарабынан ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнө жыйынды өткөрүү датасына чейин 10 күндөн кечиктирилбестен жиберилет. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү кезектеги жыйынга даярдалган документтердин долбоорлорун карашат жана алар боюнча өздөрүнүн сын пикирлерин жана сунуштарын жыйналыш өткөрүлгөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, төрагага жиберет. Документтердин долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу тартиби төрага тарабынан аныкталат.
18. Төраганын келип түшкөн сунуштарынын жана тапшырмаларынын негизинде төраганын орун басары аталган иш пландын долбоорун даярдоону уюштурат жана аны ведомстволор аралык комитеттин жыйналышында андан ары кароо үчүн төрагага берет.
19. Ведомстволор аралык комитеттин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.
20. Ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштары, эреже катары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде өткөрүлөт. Ведомстволор аралык комитеттин жыйналышы башка мамлекеттик органда же башка жерде өткөрүлгөн учурда ведомстволор аралык комитеттин жыйналышын даярдоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу ведомстволор аралык комитеттин жыйналышын өткөрүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдын жетекчиси белгилеген каражаттардын эсебинен жана тартипте жүзөгө ашырылат.
21. Ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштарында кароо үчүн маселелерди төрага ведомстволор аралык комитеттин иш планынын жана ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде сунуштайт. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү тарабынан жыйналыштын күн тартибине киргизүү үчүн сунушталган маселелер аларды кароонун зарылдыгын негиздөө жана тиешелүү чечимдердин (сунуштамалардын) долбоорлору менен ведомстволор аралык комитеттин жыйналышына чейин бир айдан кечиктирилбестен берилет.
22. Ведомстволор аралык комитеттин жыйналышы, эгерде ага ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет. Жыйналыштарга ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн ордуна каралып жаткан маселелер боюнча чечим кабыл алууга укук берүүчү министрликтин жана ведомствонун жетекчисинин ыйгарым укуктары берилген башка кызмат адамдары да катыша алат. Ведомстволор аралык комитеттин ар бир жыйналышынын регламенти жыйналыштын башталышында төрага тарабынан белгиленет.
23. Ведомстволор аралык комитеттин чечимдери протокол түрүндө таризделет жана ишке ашырылат. Ведомстволор аралык комитеттин жыйналышы аяктагандан кийин ведомстволор аралык комитеттин катчысы тарабынан 5 күндүн ичинде жыйналыштын протоколу таризделет.
24. Ведомстволор аралык комитеттин ар бир мүчөсү же ыйгарым укуктуу кызмат адамы каралып жаткан маселе боюнча өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал жыйналыштын протоколуна киргизилет.
25. Ведомстволор аралык комитеттин жыйналышынын протоколуна ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жана катчысы кол коет.
26. Ведомстволор аралык комитеттин жыйналышында жумушчу тилдер болуп мамлекеттик жана расмий тилдер саналат.
6-глава. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жана анын орун басары
27. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы:
1) ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштарында төрагалык кылат;
2) ведомстволор аралык комитеттин чечимдеринин аткарылышын координациялайт жана контролдойт;
28. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары:
1) төрага жок учурда ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын функцияларын аткарат;
2) ведомстволор аралык комитеттин иш пландарынын долбоорлорун даярдоону уюштурат жана ушул пландарда каралган иш-чаралардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
3) ведомстволор аралык комитеттин кароосуна киргизилген документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, жеткире иштеп чыгуу жана макулдашуу үчүн жумушчу жана эксперттик топторду, ошондой эле авиациялык коопсуздук, Учуулардын коопсуздугу өкмөттүк программасын башкаруу, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча жумушчу топторду уюштурат, бул топтордун ишин жетектейт, ошондой эле ведомстволор аралык комитеттин кароосу үчүн документтердин даярдалышын уюштурат жана контролдойт;
4) ведомстволор аралык комитеттин ишине тиешелүү документтерди жана маселелерди макулдашат;
5) документтерди даярдоону уюштурат жана ведомстволор аралык комитеттин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышына контролду камсыз кылат;
6) ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын көрсөтмөсү боюнча башка милдеттерди аткарат.
7-глава. Ведомстволор аралык комитеттин катчысы
29. Ведомстволор аралык комитеттин катчысы:
1) ведомстволор аралык комитеттин иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды төраганын орун басарына берет;
2) ведомстволор аралык комитеттин жыйналышынын күн тартиби боюнча келип түшкөн сунуштарды жана материалдарды жалпылайт, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорлорун түзөт жана жыйналышты өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана орду жөнүндө сунуштарды даярдайт;
3) ведомстволор аралык комитеттин кезектеги жыйналышынын күн тартибинин маселелери боюнча документтерди ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнө жөнөтүүнү камсыз кылат;
4) ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштарында кароо үчүн документтерди, аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
5) ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштарын мамлекеттик органдар жана кызматтар менен уюштуруу-техникалык камсыз кылууну уюштурат;
6) ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштарына катышат жана ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштарынын протоколдорун тариздейт;
7) ведомстволор аралык комитеттин жыйналыштарын өткөрүү мезгилинде документтердин долбоорлорун толуктап иштеп чыгууга өкүлдөр жана эксперттер менен бирдикте катышат;
8) ведомстволор аралык комитеттин документтерин эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат;
9) ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын жана анын орун басарынын башка тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарат.