ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 5-августу № 256/36-8
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 28.12.2020-жылдагы №312/45-8 сандуу “Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын сырттан ташылып келген саркынды сууну кабыл алуу жана тазалоонун 1м3 чыгымынын кызмат көрсөтүүсүнүн төлөм акысын бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 29.07.2024-жылдын №01-19/2123 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 28.12.2020-жылдагы №312/45-8 сандуу токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-“Сырттан ташылып келген саркынды сууну кабыл алууда тоо-кен байлыктары жана ууландыруучу заттарды пайдаланган жеке менчик өндүрүштүк ишканаларды мекемелерди тейлөөгө тыюу салынсын”- деген пунктуна, “Сырттан ташылып келген саркынды сууну кабыл алууда тоо-кен байлыктары жана ууландыруучу заттарды пайдаланган жеке менчик өндүрүштүк ишканаларды, мекемелерди тейлөөдө Талас шаардык “Таза Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан гана жүргүзүлсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөө максатында лабораториялык анализден ай сайын өткөрүп туруу милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |