Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-майы № 280
Каракол шаарында жайгашкан жалпы аянты 111,76 га, анын ичинде жанаша жайгашкан 67,0 га көмөкчү чарбасы менен ат майданын Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, калк үчүн жетүү шарттарын камсыз кылуу жана маданияттын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы" мекемесинин балансында турган Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Алтын-Арашан айыл аймагы, Тегизчил айылы дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 111,76 га (идентификациялык номери 2-01-02-0054-0072), анын ичинде 67,0 га (идентификациялык номери 2-01-09-0008-0003) жанаша жайгашкан жер участогу ээлеген көмөкчү чарбасы менен бирге ат майданын спорттук-маданий иш-чараларды өткөрүүдө пайдалануу үчүн Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- өткөрүп берилүүчү объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүү жана андан ары тейлөө;
- өткөрүп берилүүчү объекттерди так максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
- өткөрүп берилүүчү объекттерди андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ат майданынын аймагында уюштурулуучу бардык иш-чараларды акысыз өткөрүүнү камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти тиешелүү уюштуруучулук иш-чараларды жүргүзсүн жана "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |