КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 184
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптарды жана иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 32-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды кармоо үчүн адистештирилген борборлорго карата талаптар жана иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2026-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин | А.У. Жапаров |