Загрузка документа…
|
| Тиркеме 1 |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 15-июлундагы № 702-Б буйругу менен бекитилген |
Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу тартиби жөнүндө ушул жобо телевизорлор, мобилдик түзүлүштөр жана аларга комплекттөөчүлөр, тиричилик техникасы, заряддоочу түзүлүштөр, жеке гигиена каражаттары, автомобилдин курамдык бөлүктөрү, кийим предметтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктөн башка мүлк түрүндөгү конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү (мындан ары - объект) сатуу тартибин аныктайт.
2. Объектти сатуучу болуп мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишканасы чыгат (мындан ары - Сатуучу).
3. Баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.
Баалоо жүргүзүүнүн демилгечилери мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишканасы, тергөө органдары болушу мүмкүн.
4. Объекттерди сатуу электрондук аукцион өткөрүү жолу менен ишке ашырылат.
5. Объекттерди сатуу auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында аукцион түрүндө жүргүзүлөт (мындан ары - Система).
6. Электрондук аукцион аркылуу объекттерди сатууда объекттердин рыноктук наркы көз карандысыз баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан аныкталат.
7. Электрондук аукциондордо биринчи тооруктардын жыйынтыгы боюнча сатылбаган объекттер Сатуучу тарабынан тике сатуу жолу менен сатылат.
8. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий интернет-сайтына жана Системага аны өткөрүү датасына чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
9. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- мүлктүн аталышы, саны жана аны жекелештирүүгө мүмкүндүк берген башка маалыматтар;
- объектти сатуунун баштапкы баасы;
- аукциондун кадамы;
- өтүнмө берүүнүн орду, мөөнөтү жана формасы, ошондой эле өтүнмөлөрдү берүүнүн башталыш жана аяктоо убактысы жана датасы;
- талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги;
- сатып алуу-сатуу келишимин түзүү мөөнөтү;
- өтүнмөлөрдү кароонун датасы, ошондой эле тоорук өткөрүүнүн датасы, орду жана убактысы;
- кепилдик төгүмдүн өлчөмү, кепилдик төгүм төлөнүүгө тийиш болгон эсептердин реквизиттери;
- сатылган мүлктү кайтарып берүү мүмкүн эмес экендиги тууралуу маалымат.
10. Аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
1) аукционго катышууга бир да өтүнмө берилбесе же талапкерлердин бири да Система тарабынан анын катышуучусу катары таанылбаса;
2) система тарабынан бир талапкер катышуучу катары таанылса;
3) аукциондун катышуучуларынын бири да объектти сатып алуу боюнча сунуш киргизбесе.
11. Сатып алуу-сатуу келишими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) объектти сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды;
2) келишимдин предметин аныктоону;
3) сатуу объекти жөнүндө маалыматтарды;
4) объекттин сатуу баасын;
5) сатып алынган объект үчүн төлөмдүн формасын жана мөөнөттөрүн;
6) тараптардын келишимдик милдеттенмелерди аткарбоосунун же талаптагыдай аткарбоосунун кесепеттерин;
7) айыптык санкцияларды;
8) келишим боюнча талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
9) келишимди бузуу тартибин;
10) өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттарды.
12. Объектке менчик укугу сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте өтөт.
13. Электрондук аукцион аркылуу, ошондой эле тике сатуу жолу менен сатылбаган объекттер адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишканасы тарабынан кабыл алуучу тараптын макулдугу менен балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө жана калктын социалдык аялуу катмарлары жашаган башка мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекер өткөрүлүп берилет.
14. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык, конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлк боюнча соттун чечими жактар тарабынан талашылган учурда, адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишкана аны сатууну токтотуп турат.
15. Сатуучу объекттерди сатууда сатуу баасынан тышкары 7 пайыз өлчөмдө үстөк бааны алат.
Объекттерди сатуунун натыйжасында алынган акча каражаттары төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:
- республикалык бюджетке - объекттин наркы;
- адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишкананын алыш-бериш эсебине - 7 пайыз өлчөмүндөгү үстөк баанын суммасы.
16. Адистештирилген ведомстволук мамлекеттик ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатылган объекттер боюнча квартал сайын отчет берет.