Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 11
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында жана автомобиль жолдорунда транспорттук контролду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасында транспорттук (автомобилдик) контролду жүзөгө ашыруу тартибинин ченемдерин аткаруу бөлүгүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чек арага жакын жерде транспорттук контроль жүргүзүлөт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун тизмесинде:
"Транспорттук" графасынын 5-пунктунда "+" деген белги "-" деген белгиге алмаштырылсын;
"Транспорттук" графасынын 6, 14-пункттарында "-" деген белги "+" деген белгиге алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартиби;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинде:
- 71-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы өткөрүү пункттарында алгачкы салмак-габариттик контролдон өткөн жана бажы органын идентификациялоо каражаттары, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген салмак-габариттик контролдоо актысы бар эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарында кайрадан салмак-габариттик контролдоодон өтпөйт.";
- 8-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Тартиптин 71-пунктунун үчүнчү абзацында каралган учурларды кошпогондо, транспорт каражатынын жалпы массасын таразалоого жана октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөөгө жиберүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- транспорт каражатынын жалпы массасын жана октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө. Ушул Тартиптин 71-пунктунун үчүнчү абзацында каралган учурларды кошпогондо, салмак-габариттик параметрлери жол берилген көрсөткүчтөргө дал келбеген, ошондой эле жүктү коштоочу документтери жок болгон учурда транспорт каражаты убактылуу токтотуу жайына жиберилет;";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө белгиленген транспорттук каражаттардын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлеринде:
- 1.3.1-пунктчасынын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- конструкциясы жана багыты боюнча ири өлчөмдөгү жана (же) оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн атайын арналган автопоезд автопоезддин курамына кирген автотранспорт каражаттарынын жол берилген массаларынын суммасынан ашпоого тийиш.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:
- аталышында "бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын" деген сөздөр "бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"көп жолу колдонулуучу атайын уруксат - салмак-габариттик параметрлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан атайын транспорт каражаттарына берилүүчү уруксат;
атайын транспорт каражаты - атайын жабдууларды талап кылган атайын функцияларды аткаруу үчүн арналган транспорт каражаты (автокрандар, өрт өчүрүүчү автомобилдер, жумушчу платформалары бар көтөргүчтөр менен жабдылган автомобилдер, автоэвакуаторлор ж.б.);";
- 2-пункттун биринчи абзацында "бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатын" деген сөздөр "бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатын, атайын транспорт каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатын жана салмактык параметрлери алардын жол берилген белгиленген көрсөткүчтөрүнөн ашкан атайын транспорт каражаттарын өткөрүүгө атайын жана (же) көп жолу колдонулуучу атайын уруксат болгондо гана жол берилет. Атайын уруксаттын жана көп жолу колдонулуучу атайын уруксаттын формасы транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атайын уруксат электрондук форматта берилет же кагаз жүзүндө таризделет. Кагаз жүзүндө таризделген учурда түп нускасы ташуучуга же жүктүн ээсине берилет, көчүрмөлөрү автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.";
- 6-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Атайын уруксат алуу үчүн жүктүн ээси же ташуучу ташуулар башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз берет:";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Арызга айдоочунун күбөлүгүнүн, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн (техникалык паспорттун), техникалык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документтин, айдоочунун медициналык маалымкатынын көчүрмөлөрү тиркелет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 101 - 105-пункттар менен толукталсын:
"101. Салмактык параметрлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан төмөнкүдөй атайын транспорт каражаттарына көп жолу колдонулуучу атайын уруксат берилет:
- бетон аралашмаларын ташуучу автобетон аралаштыргычтар;
- автокрандар;
- жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткаруучу дөңгөлөктүү тракторлор жана салмактык параметрлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү технологиялык машиналар (айыл чарба комбайндарын кошпогондо).
102. Көп жолу колдонулуучу атайын уруксат 3 айдан бир жылга чейинки мөөнөткө электрондук форматта берилет же кагаз жүзүндө таризделет, түп нускасы транспорт каражатынын ээсине (айдоочусуна) берилет, көчүрмөсү автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
103. Көп жолу колдонулуучу атайын уруксатты берүү автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын салмактык параметрлери текшерилгенден кийин транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктө (техникалык паспортто) көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөнүн негизинде жүргүзүлөт.
104. Эгерде көп жолку уруксатты алууга арыз автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын порталында электрондук документ түрүндө берилсе, арызга электрондук санариптик кол коюлушу керек.
Атайын транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен арыздын формасы транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Арызга төмөндө көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
- арыз ээсинин айдоочулук күбөлүгү;
- атайын транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (техникалык паспорт);
- эгерде транспорт каражатынын ээси башка жеке же юридикалык жак болсо, атайын транспорт каражатын башкарууга ишеним кат;
- милдеттүү техникалык кароодон өткөндүгүн ырастаган документ;
- зыяндын жана залалдын ордун толтуруу жана транспорт каражатын таразалоо үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- атайын транспорт каражатынын фотосүрөттөрү.
105. Көп жолу колдонулуучу атайын уруксат арыз каралгандан жана атайын транспорт каражатынын салмактык параметрлеринин иш жүзүндөгү маанилери белгиленгенден кийин бир жумуш күндүн ичинде берилет.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Тартип оор салмактуу жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүнүн ордун толтуруунун эсебине акы төлөөнүн жана эсептөөнүн тартибин аныктайт.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = С х М х L,
мында S - зыяндын жана залалдын өлчөмү;
С - 1 км жол жүрүүгө 1 тонна ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү, сом;
М - транспорт каражатынын ар бир огу боюнча таразага тартуу учуруна карата октук жүктүн белгиленген ченемдери менен иш жүзүндөгү маанилердин ортосундагы айырма (ондук үлүшкө чейин тегеректелет), тонна;
L - ташуунун аралыгы (ондук үлүшкө чейин тегеректелет), км.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен реабилитация жана оңдоо жүргүзүлүп жаткан автомобиль жолдорунун участокторунда транспорт каражатынын жалпы салмагынын жана октук жүгүнүн белгиленген ченемдеринен ашкандыгы үчүн залалдын ордун толтуруунун өзгөчө тартиби белгиленет.
Эскертүү. Зыяндын жана залалдын өлчөмүн эсептөө үчүн транспорт каражатынын жалпы салмагына карабастан, октук жүгүнүн белгиленген ченемдери менен транспорт каражатын таразага тартуу учурундагы алардын иш жүзүндөгү маанилеринин ортосундагы айырма кабыл алынат.";
- төмөнкүдөй редакциядагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Атайын транспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = С х М х N,
мында S - зыяндын жана залалдын өлчөмү, сом;
С - 1 тонна ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү, сом.
1 тонна ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн базалык жыйымдын өлчөмүн эсептөө методикасы боюнча жана транспорт каражаттарынын категориясына жараша аныкталат, алар төмөнкүлөргө барабар:
- N1 категориядагы жүк ташуучу транспортко: CN1 = 1,16 сом;
- N2 категориядагы жүк ташуучу транспортко: CN2 = 3,98 сом;
- N3 категориядагы жүк ташуучу транспортко: CN3 = 8,29 сом;
М - октордун санына жараша жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жалпы массанын белгиленген жол берилген ченеминен транспорт каражатынын иш жүзүндөгү жалпы массасынын ашып кетүү чоңдугу, тонна;
N - көп жолу колдонулуучу уруксаттын жарактуулук мөөнөтүнө барабар күндөрдүн саны (90, 180, 270, 365).
Мисал: Үч огу бар автокран үчүн жалпы массасы 10 тоннадан ашканда жана көп жолу колдонулуучу атайын уруксат 3 айга берилгенде зыяндын жана залалдын өлчөмү төмөнкүдөй болот:
S = 8,29 x 10 x 90 = 7461 сом.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. 1 км жол жүрүүгө ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 40 сом өлчөмүндө белгиленген.
Бөлүнбөс жүктөрдү жүк ташуучу автомобилдер, автопоезддер, ошондой эле үч жана андан ашык огу жана төрт жана андан ашык огу бар жана ар бир огунда төрт жана андан көп дөңгөлөгү бар жапыз рамалуу жарым чиркегичи (трал) бар жүк ташуучу сүйрөгүчтөр менен ташууга атайын уруксат алууда ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 1 км жол жүрүүгө 20 сомго белгиленет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13. Көп жолу колдонулуучу уруксат алуудан жана автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн жыйым төлөөдөн төмөнкүлөрдүн атайын транспорт каражаттары бошотулат:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (өрт өчүрүүчү автомобилдер ж.б.);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (медициналык лабораториялар ж.б.)";
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП) тизмесинде:
- мамлекеттик тилдеги "СГКПнын" деген сөз "ТКПнын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-пунктта "Кочкор-Арал - Төө-Ашуу автожолунун 91-6-чакырымы" деген сөздөр "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү автожолунун 153,5 чакырымы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта "400" деген цифралар "427" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 20-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-январындагы № 6 (3559) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |