Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-августу № 474
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 20-майындагы № 281 "Транспорт
каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал
айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн
жана уруксатты каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 "Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибинде:
- 2-пункт төмөнкү мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн багытталган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери.";
- 3-пункттагы "800", "1000", "1200" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "500", "700", "900" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"9. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо арыз ээси ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз кайрылганда же күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) ыйгарым укуктуу органга кайрылууда төмөнкү документтерди берүү зарыл:
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүргөн документ же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- анын ушул менчик ээсине таандык болгондугун ырастаган кагаз түрүндөгү же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
- юридикалык жактарга таандык болгон жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчиси үчүн талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн акы төлөөнү ырастаган документ (транспорт каражаттарын күңүрттөөгө уруксат үчүн акы төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөнгөн учурда документ талап кылынбайт);
2) күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси аркылуу транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн:
- онлайн-каттоо сервистеринин бири (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери) аркылуу транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн кызмат көрсөтүүнү тандоо;
- автонун ээсинин менчигинде бир нече транспорт каражаттары болгон учурда тизмеден керектүү транспорт каражатын тандоо;
- транспорт каражатынын алдыңкы эшиктерин күңүрттөөгө уруксаттын наркын электрондук форматта төлөө зарыл.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-августундагы № 63 (3617) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.А. Касымалиев |