Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 422
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында жаратылышты пайдаланууну жүзөгө ашыруунун жана жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону күчөтүүнүн белгиленген тартибинин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларында:
- 8-пунктта "30000,0" деген цифралар "60000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 9-пунктта "100000,0" деген цифралар "200000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 10-пунктта "700000,0" деген цифралар "1000000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 34-пунктта "300,0" деген цифралар "1000,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 35-пунктта "60,0" деген цифралар "150,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 37-пунктта "300,0" деген цифралар "600,0" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |