Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 715
Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 526, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 422, 2026-жылдын 29-июнундагы № 449 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Биологиялык түрдүүлүктү колдоо, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Айлана -чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” жана “Балык чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкалары 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом 2015-жылдын 24-июлунан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин
атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкалары
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 526 , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 422, 2026-жылдын 29-июнундагы № 449 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый объектисинин аталышы (түрлөр/түрчөлөр же алардын топтору)
| Акы төлөөнүн ставкалары (сом менен) | |||
Кыргыз Республи-касынын жеке жана юридика-лык жактары үчүн | чет өлкөлүк жеке жана юридика-лык жактар үчүн
| ||||
I. Сүт эмүүчүлөр, 1 баш үчүн | |||||
Аңчылык жаныбарлары | |||||
1 | Кадимки карышкыр (Canis lupus) | Акы алынбайт | 15 000,0 | ||
2 | Чөө (Canis aureus) | Акы алынбайт | 5 000,0 | ||
3 | Карсак (Vulpes corsac), кадимки түлкү (Vulpes vulpes), америка суу суусары (Mustela vison), солонгой (Mustela altaica) | 200,0 | 600,0 | ||
4 | Арыс чычкан (Mustela nivalis), арыс (Mustela erminea), талаа күзөнү (Mustela eversmanni) | 20,0 | 50,0 | ||
5 | Кадимки кашкулак (Meles meles), азия кашкулагы (Meles leucurus) | 500,0 | 2 500,0 | ||
6. | Ала мышык (Felis libyca ornata) | 200,0 | 500,0 | ||
7 | Каман (Sus scrofa) | 15 000,0 | 60 000,0 | ||
8 | Элик (Capreolus pygargus) | 15 000,0 | 60 000,0 | ||
9 | Тоо теке (Capra sibirica) | 10 000,0 | 200 000,0 | ||
10 | Марко Поло аркары же памир аркары (Ovis ammon polii) - 7 жаштан жогорку кулжалары | 700 000,0 | 1 000 000,0 | ||
11. | Кадимки тыйын чычкан (Sciurus vulgaris) | 10,0 | 50,0 | ||
12. | Сары чычкан (Spermophilus fulvus), реликт же тяньшань чычканы (Spermophilus relictus) | 10,0 | 30,0 | ||
13. | Көк суур (Marmota baibacina), кызыл суур (Marmota caudata) | 60,0 | 250,0 | ||
14. | Ондатра (Ondatra zibethicus) | 40,0 | 150,0 | ||
15. | Коён (Lepus capensis tolai) | 30,0 | 100,0 | ||
Аңчылыкка кирбеген түрлөр/түрчөлөр | |||||
16 | Кирпи (Hemiechinus auritus) | 30,0 | 70,0 | ||
17 | Тяньшань күрөң тиш жер чукур (Sorex asper), кичи күрөң тиш жер чукур (Sorex caudata), ак боор ак тиш жер чукур (Crocidura pergrisea), кичи ак тиш жер чукур (Crocidura suaveolens) | 25,0 | 50,0 | ||
18 | Чоң така тумшук (Rhinolophus ferrumequinum), эшек кулактуулар (Myotis түрлөрү) | 25,0 | 60,0 | ||
19 | Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгенден башка кол канаттуулар | 5,0 | 20,0 | ||
20 | Камыш мышыгы (Felis chaus) | 200,0 | 500,0 | ||
21 | Токой чээнчили (Dryomys nitedula), тяньшань мышык сымалы (Sicista tianshanica) | 5,0 | 15,0 | ||
22 | Чоң кош аяк (Allactaga major), саксагай бут кош аяк (Dipus sagitta) | 25,0 | 80,0 | ||
23 | Көк чычкан (Cricetulus migratorius) | Акы алынбайт | Акы алынбайт | ||
24 | Момолойлор (Alticola, Myodes, Microtus түрлөрү), сокур чычкан (Ellobius tancrei) | 5,0 | 20,0 | ||
25 | Алай сокур чычканы (Ellobius alaicus) | 20,0 | 50,0 | ||
26 | Кум чычкандар (Meriones түрлөрү), талаа жана токой чычкандары (Apodemus түрлөрү) | 3,0 | 10,0 | ||
27 | Үй чычкан (Mus musculus) | Акы алынбайт | Акы алынбайт | ||
28 | Келемиш (Rattus norvegicus), түркстан келемиши (Rattus turkestanicus) | Акы алынбайт | Акы алынбайт | ||
29 | Коён чычкандар (Ochotona түрлөрү) | 20,0 | 50,0 | ||
II. Канаттуулар, 1 баш үчүн | |||||
Аңчылык канаттуулары | |||||
30 | Кара каз (Phalocrocorax carbo) | 30,0 | 100,0 | ||
31 | Аңыр (Tadorna ferruginea) | 20,0 | 50,0 | ||
32 | Итала (Tadorna tadorna) | 100,0 | 300,0 | ||
33 | Кайырма (Anas platyrchynchos), ышкырыкчы-чүрөк (Anas crecca), тырсылдак өрдөк (Anas querquedula), коркулдак чүрөк (Anas formosa), борчун (Anas strepera), чыбырчык өрдөк (Anas penelope), кыл куйрук өрдөк (Anas acuta), жазы тумшук өрдөк (Anas clypeata), кызыл баш чумкугуч өрдөк (Netta rufina), боз кызыл баш чумкуч өрдөк (Aythya ferina), чачылуу чумкугуч өрдөк (Aythya fuligula), деңиз өрдөгү (Aythya marila), түндүк өрдөгү (Clangula hyemalis), дыгдыгый өрдөк (Bucephala clangula), кадимки турпан (Melanitta fusca), кидик суксур (Mergus albellus), чоң суксур (Mergus merganser) | 30,0 | 150,0 | ||
34 | Гималай улары (Tetraogallus himalayensis) | 100,0 | 1 000,0 | ||
35 | Кекилик (Alectoris chukar), түктүү чил же чил (Perdix dauurica), боз чил (Perdix perdix) | 20,0 | 150,0 | ||
36 | Бөдөнө (Coturnix coturnix) | 10,0 | 30,0 | ||
37 | Кыргоол (Phasianus colchicus) | 80,0 | 600,0 | ||
38 | Суу тартар (Rallus aquaticus) | 10,0 | 30,0 | ||
39 | Кашкалдак (Fulica atra) | 20,0 | 50,0 | ||
40 | Токой маарак (Pluvialis squatarola) | 110,0 | 330,0 | ||
41 | Ызгыт (Vanellus vanellus) | 20,0 | 50,0 | ||
42 | Таш титкинч (Arenaria interpres) | 10,0 | 30,0 | ||
43 | Тартак чулдук (Himantopus himantopus), шибеге тумшук (Recurvirosta avosetta) | 110,0 | 330,0 | ||
44 | Чоң балчыкты (Tringane bularia), чөпчү (Tringato tanus), чулдук (Philomachus pugnax) | 10,0 | 30,0 | ||
45 | Чөө чалчык (Lymnochryptes minimus), токой маарагы (Gallinago media), эчки маарак (Gallinago gallinago), тоо эчки маарагы (Gallinago solitaria), азия эчки маарагы (Gallinago stenura) | 30,0 | 200,0 | ||
46 | Жылкычы чымчык (Scolopax rusticola) | 60,0 | 170,0 | ||
47 | Чоң тоо чулдук (Numenius arguata) | 110,0 | 330,0 | ||
48 | Ача чулдук (Glareola pratincola) | 60,0 | 170,0 | ||
49 | Алагуу (Columba palumbus), токой көгүчкөнү (Columba oenas), көгүчкөн (Columba livia), ак куйрук көгүчкөн (Columba rupestris), шакек моюн бактек (Streptopelia decaocto), бактек (Streptopelia turtur), чоң бактек (Streptopelia orientalis), мисче (Streptopelia senegalensis) | 20,0 | 120,0 | ||
50 | Көк суур (Merops apiaster), жашыл соору (Merops persicus) | 10,0 | 30,0 | ||
51 | Майна же индия чыйырчыгы (Actidotherestristis), сагызган (Picapica) | Акы алынбайт | Акы алынбайт | ||
52 | Чаар карга (Corvusfrugilegus), кара карга (Corvuscorone), ала карга (Corvuscornix) | Акы алынбайт | Акы алынбайт | ||
Аңчылыкка кирбеген түрлөр/түрчөлөр | |||||
53 | Карамоюн арам өрдөк (Podiceps nigricollis), кызыл моюн арам өрдөк, (Podiceps auritus), боз моюн арам өрдөк (Podiceps grisegena), чоң арам өрдөк же чомга (Podiceps gristatus), кидик арам өрдөк (Tachybaptus ruficollis) | 20,0 | 50,0 | ||
54 | Чоң көл бука (Botaurusstellaris), кидик көл бука (Ixobrychus minutus), кваква (Nycticoraxny cticorax) | 30,0 | 100,0 | ||
55 | Чоң ак кытан (Egretta alba) | 850,0 | 2 500,0 | ||
56 | Көк кытан (Ardea cinerea), сары кытан (Ardea purpurea), ак канат кытан (Ardea bacchus) | 100,0 | 300,0 | ||
57 | Күрөң орок тумшук (Plegadis falcinellus), боз каз (Anser anser), кашка маңдай каз (Anser albifrons), түнкү каз (Anser fabalis), ак каз (Anser caerulescens), токойдогу ак куу (Gygnus olor), кидик ак куу (Gygnus bewickii) | 850,0 | 2 500,0 | ||
58 | Кадимки аарычыл (Pernis apivorus), аарычыл үрпөк (Pernis ptilorhynchus) | 550,0 | 1 700,0 | ||
59 | Айры куйрук (Milvus migrans), ак кулаалы (Circus cyaneus), шалбаа кулаалысы (Circus pygargus), саз кулаалысы (Circus aeruginosus) | 350,0 | 1 000,0 | ||
60 | Карчыга куш (Accipiter gentilis), кыргый (Accipiter nisus), жут сары (Buteola gopus), ак сары (Buteo hemilasius), жаман сары (Buteo rufinus), сары (Buteo buteo) | 550,0 | 1 700,0 | ||
61 | Жагалмай (Falco subbuteo), турумтай (Falco columbarius), боз жагалмай (Falco vespertinus), кадимки күйкө (Falco tinnunculus) | 850,0 | 2 500,0 | ||
62 | Боз турна (Grus grus) | 850,0 | 2 500,0 | ||
63 | Кичине тартар тоок (Porzana parva), тартар тоок (Porzana porzana), кидик тартар тоок (Porzana pusilla), кызыл чеке кашкалдак (Gallinulach loropus) | 10,0 | 30,0 | ||
64 | Азия боз канат маарагы (Pluvialis fulva), алтын сымал маарак (Pluvialis apricaria) | 110,0 | 330,0 | ||
65 | Мойнок (Charadrius hiaticula), ала моюн мойнок (Charadrius dubius), чоң тумшук мойнок (Charadrius leschenaultii), монгол мойногу (Charadrius mongolus), деңиз мойногу (Charadrius alexandrinus) | 100,0 | 300,0 | ||
66 | Чулдук сагызган (Haematopus ostralegus) | 110,0 | 330,0 | ||
67 | Кара боор чулдук (Tringa ochropus), фифи (Tringa glareola), кооз мукур (Tringa erythropus), баларчы чулдук (Tringa stagnatilis), ташырман чулдук (Actitis hypoleucos), ийне тумшук кичи чулдук (Xenus cinereus), сузгуч чулдук (Phalaropes lobatus), таранчы чулдук (Calidris minuta), шадылуу кум чулдук (Calidris subminuta), ак куйруктуу кум чулдук (Calidris temminckii), кызыл төш чулдук (Calidris ferruginea), кара төш чулдук (Calidris alpina), токорсуз чулдук (Calidris alba), ылайчы чулдук (Limicola falcinellus) | 10,0 | 30,0 | ||
68 | Кадимки тоо чулдук (Numenius phaeopus), чоң найза тумшук (Limosa limosa), кичи найза тумшук (Limosa lapponica) | 110,0 | 330,0 | ||
69 | Чолок куйрук каракчы чардак (Stercorarius parasiticus), чардак (Stercorarius pomarinus), кичи чардак (Larus minutus), ак чардак (Larus ridibundus), күмүш чардак (Larus cachinnans), көк чардак (Larus canus), үч тырмактуу чардак (Rissa tridactyla), кара чагала (Chlidonias niger), ак канат чагала (Chlidonias leucopterus), ак жаак чабакчыл (Chlidonias hybridus), чардак чагала (Gelochelidon nilotica), доо чабакчыл (Hydroprogne caspia), чагала (Sterna hirundo), кичи чагала (Sterna albifrons) | 110,0 | 330,0 | ||
70 | Кадимки күкүк (Cuculus canorus), дүлөй күкүк (Cuculus saturatus) | 20,0 | 50,0 | ||
71 | Ак үкү (Nyctea scandiaca), токой үкү (Asio otus), саз үкү (Asio flammeus), итчак (Otus scops), чөл мыкыйы (Otus brucei), токой мыкыйы (Aegolius funereus), бабырган (Athene noctua), куш үкү (Surnia ulula) | 110,0 | 330,0 | ||
72 | Телкикуш (Caprimulgu seuropaeus), карлыгач (Hirundapus caudacutus), кара карлыгач (Apus apus), ак боор карлыгач (Tachymarptis melba), көк карга (Coracias garrulus), көк канат (Alcedo atthis) | 20,0 | 50,0 | ||
73 | Үпүп (Upupa epops) | 20,0 | 50,0 | ||
74 | Бурма моюн (Jynx torquilla), үч манжалуу тоңкулдак (Picoides tridactylus) | 110,0 | 330,0 | ||
75 | Түзсүз чабалекей (Riparia diluta), боз чабалекей (Ripari ariparia), тоо чабалекейи (Ptyonoprogne rupestris), чабалекей (Hirundo rustica), сары бел чабалекей (Hirundo daurica), шаар чабалекейи (Delichon urbica), молдо торгой же топулуу торгой (Galerida cristata), кичи торгой (Calandrella cinerea), ичке тумшук торгой (Calandrella acutirostris), боз торгой (Calandrella rufescens), шор торгою (Calandrella cheleensis) | 10,0 | 30,0 | ||
76 | Чоң талаа торгою (Melanocorypha calandra), ала моюн торгой (Melanocorypha bimaculata), ак канат торгой (Melanocorypha leucoptera), кара торгой (Melanocorypha yeltoniensis) | 20,0 | 50,0 | ||
77 | Кара каш торгой (Eremophila alpestris), талаа торгою (Alauda arvensis), индия торгою (Alauda gulgula), талаа эрсынаары (Anthus richardi), эрсынаар (Anthus campestris), токой эрсынаары (Anthus trivialis), кадимки эрсынаар (Anthus pratensis), тоо эрсынаар (Anthus spinoletta), сары жылкычы кучкач (Motacilla flava), кара башыл жылкычы кучкач (Motacilla feldegg), сары башыл жылкычы кучкач (Motacilla citreola), тоо жылкычы чымчыгы (Motacilla cinerea), ак жылкычы кучкач (Motacilla alba), жылкычы кучкач (Motacilla personata), борбаш (Lanius isabellinus), түркстан борбашы (Lanius phoenicuroides), кадимки борбаш (Lanius collurio), узун куйрук борбаш (Lanius schach), карала борбаш (Lanius minor), ала борбаш (Lanius excubitor), барпы (Oriolus oriolus), кадимки чыйырчык (Sturnus vulgaris), ала чыйырчык(Sturnus roseus) | 10,0 | 30,0 | ||
78 | Карагай карга же чаар карга (Nucifraga caryocatactes), кызыл тумшук чөкөтаан (Pyrrhocorax pyrrhocorax), сары тумшук чөкөтаан (Pyrrhocorax graculus), кадимки таан (Corvus monedula), | 10,0 | 30,0 | ||
79 | Кузгун (Corvus corax) | 10,0 | 30,0 | ||
80 | Үрпөк чымчык (Bombycilla garrulus) | 20,0 | 50,0 | ||
81 | Ак боор суучул кара (Cinclus cinclus), суучул кара (Cinclus pallasii), короолу (Troglodyte troglodytes), альпы көк шалкысы (Prunella collaris), гималай көк шалкысы (Prunella himalayana), көк шалкы (Prunella fulvescens), кара тамак карагай сайрак (Prunella atrogularis), жазы куйрук камышчы (Cettia cetti), булбул короолу (Locustella luscinioides), сайрагыч короолу (Locustella certhiola), кадимки сары короол (Locustella naevia), ичке тумшук камышчы (Lusciniola melanopogon), кидик камыш короолу (Acrocephalus schoenobaenus), индия камышчысы (Acrocephalus agricola), бакча камышчысы (Acrocephalus dumetorum), саз камышчысы (Acrocephalus palustris), тростник камышчысы (Acrocephalus scirpaceus), түркстан камышчысы (Acrocephalus stentoreus), таркылдак сымал камышчы (Acrocephalus arundinaceus), түндүк кыймыты (Hippolais caligata), түштүк кыймыты (Hippolais rama), чөл куудул чымчыгы (Hippolais languida), көк шалкы (Sylvia nisoria), кара баш шалкы (Sylvia hortensis), бак шалкысы (Sylvia borin), боз шалкы (Sylvia communis), кидик боз шалкы (Sylvia curruca), тоо шалкысы (Sylvia althaea), чөл шалкысы (Sylvia nana), ала аяк мыймыт (Phylloscopus trochilus), кара аяк мыймыт (Phylloscopus collybita), иран мыймыты (Phylloscopus neglectus), чыркылдак мыймыт (Phylloscopus sibilatrix), жашыл мыймыт (Phylloscopus trochiloides), кидик мыймыт (Phylloscopus inornatus), мыймыт (Phylloscopus humei), сары каш мыймыт (Phylloscopus griseolus) | 10,0 | 30,0 | ||
82 | Короолу (Scotocerca inquieta) | 20,0 | 50,0 | ||
83 | Узун куйрук чөл шалкасы (Regulus regulus), кичине чымынчы (Ficedula parva), чымынчы (Ficedula striata), котуропей (Saxicola torquata), көк чакчыгай (Oenanthe oenanthe), карала чакчыгай (Oenanthe pleschanka), кара чакчыгай (Oenanthe picata), көл чакчыгайы (Oenanthe deserti), чакчыгай (Oenanthe isabellina) | 10,0 | 30,0 | ||
84 | Ала таркылдак (Monticola saxatilis), көк таркылдак (Monticola solitarius), карала кыш куйрук (Phoenicurus caeruleucephalus), кызыл куйрук (Phoenicurus phoenicurus), кара кызыл куйрук (Phoenicurus ochruros), ала канат кызыл куйрук (Phoenicurus erythronotus), кызыл боор кыш куйрук (Phoenicurus erythrogaster), суу кыш куйрук (Chaimarrornis leucocephalus), таңчы (Erithacus rubecula) | 20,0 | 50,0 | ||
85 | Булбул (Luscinia megarhynchos), кадимки булбул (Luscinia luscinia), кызыл тамак (Luscinia pectoralis), көк тамак (Luscinia svecica), ак тамак булбул (Irania gutturalis) | 60,0 | 170,0 | ||
86 | Кызыл тамак таркылдак (Turdus ruficollis), кара тамак таркылдак (Turdus atrogularis), Науманн таркылдагы (Turdus naumanni), боз таркылдак (Turdus pilaris), кара таркылдак (Turdus merula), ак каш таркылдак (Turdus iliacus), сайрагыч таркылдак (Turdus philomelos), чаар таркылдак (Turdus viscivorus), жер таркылдак (Zoothera dauma) | 20,0 | 50,0 | ||
87 | Сай сагызганы (Myophonus caeruleus), ак аяк булбул (Enicurus scouleri) | 110,0 | 330,0 | ||
88 | Муруттуу кашка чымчык (Panurus biarmicus), узун куйрук кашка чымчык (Aegithalo scaudatus) | 20,0 | 50,0 | ||
89 | Жылтырак мыймыт (Leptopoecile sophiae) | 60,0 | 170,0 | ||
90 | Кадимки куркулдай (Remiz pendulinus), жунгар кашка чымчыгы (Parus songarus), кара кашка чымчык (Parus ater), кызыл моюн кашка чымчык (Parus rufonuchalis), ак кашка чымчык (Parus cyanus), сары төш кашка чымчык (Parus flavipectus), чоң кашка чымчык (Parus major), букара кашка чымчыгы (Parus bokharensis), кер каш, көк теке (Sitta tephronota) | 20,0 | 50,0 | ||
91 | Темене тумшук (Tichodroma muraria) | 60,0 | 170,0 | ||
92 | Кадимки чыйпылдак чымчык (Certhia familiaris), гималай чыйпылдак чымчык (Certhia himalayana) | 20,0 | 50,0 | ||
93 | Таранчы (Passer domesticus), индия таранчысы (Passer indicus), кара төштүү же испан таранчысы (Passer hispaniolensis), чөл таранчысы (Passer ammodendri), чымчык (Passer montanus) | 5,0 | 15,0 | ||
94 | Сары тамак таранчы (Petronia petronia), ала дунга мукуру (Montifrin gillanivalis) | 10,0 | 30,0 | ||
95 | Калтырак (Fringilla coelebs), мукуру (Fringilla montifringilla), кызыл баш мукур (Serinus pusillus), кадимки жашыл чымчык (Chloris chloris), жашыл башайы (Spinus spinus), кадимки сары канат (Carduelis carduelis), сава чымчык (Carduelis caniceps), кадимки кендирчи (Acanthis cannabina), тоо кызык төшү (Acanthis flavirostris), кадимки кызык төш (Acanthis flammea), тоо мукуру (Leucosticte nemoricola), бермет мукур (Leucosticte brandti) | 15,0 | 50,0 | ||
96 | Кызгылт канат мукур (Rhodospechys sanguinea) | 60,0 | 170,0 | ||
97 | Монгол жут чымчыгы (Bucanetes mongolicus), чөл мукуру (Rhodospiza obsolete), эжеке бээ саа (Carpodacus erythrinus), арча чымчыгы (Carpodacus rhodochlamys), кызгылт чымчык (Carpodacus grandis), чоң кызгылт чымчык (Carpodacus rubicilla) | 20,0 | 50,0 | ||
98 | Тоо эжеке бээ саа (Pyrrhopiza punicea) | 60,0 | 170,0 | ||
99 | Узун куйрук жут чымчык (Uragus sibiricus), кайчы тумшук (Loxia curvirostra), жут чымчык (Pyrrhula pyrrhula), боз жут чымчык (Pyrrhulacineracea), кадимки балта тумшугу (Coccothraustes coccothraustes), арчачы балта тумшук (Mycerobas carniceps), чоң чыйпылдак (Emberizaм calandra), кадимки чыйпылдак (Emberiza citrinella), ак баш чыйпылдак (Emberiza leucocephala), Стюарт дүмбүлү (Emberiza stewarti), тоо дүмбүлү (Emberiza cia), Годлевский дүмбүлү (Emberiza godlewskii), кызыл баш чыйпылдак (Emberiza cioides), камыш чыйпылдагы (Emberiza schoeniclus), куркулдай дүмбүл (Emberiza rustica), бакчы дүмбүл (Emberiza hortulana), татолбек (Emberiza buchanani), сары айгыр (Emberiza bruniceps) | 20,0 | 50,0 | ||
III. Сойлоочулар (рептилийлер), 1 баш үчүн | |||||
100 | Штраух тоголок баш кескелдириги (Phrynocephalus strauchi) | 60,0 | 200,0 | ||
101 | Агамалар (Laudakia жана Trapelus түрлөрү) | 25,0 | 70,0 | ||
102 | Токобаев геккону же Тяньшань геккону (Altiphylax tokobajevi) жана нарын геккону (Cyrtopodion narynense) | 60,0 | 200,0 | ||
103 | Боз (Cyrtopodion russowi) жана түркстан геккону (Cyrtopodion fedtschenkoi), жайдак көздөр (Ablepharus жана Asymblepharus түрлөрү), кидик кескелдириктер (Eremias), кадимки кескелдирик (Lagerta agilis) | 15,0 | 45,0 | ||
104 | Турна чеке сойлоочудан башка сойлоочулар (Platyceps, Hemorrhois жана Elaphe түрлөрү)) | 60,0 | 200,0 | ||
105 | Сары суу жылан (Natrix tessellata) | 25,0 | 70,0 | ||
106 | Ок жылан (Psammophis lineolatus) | 60,0 | 200,0 | ||
107 | Кадимки же Паллас калкан тумшугу (Agkistrodon (Gloydius) halys) | 50,0 | 170,0 | ||
108 | Гюрза (Macrovipera lebetina), ортоазия уулуу жыланы (Naja oxiana) | 500,0 | 1 500,0 | ||
IV. Жерде-сууда жашоочулар (амфибиялар) 1 баш үчүн | |||||
109 | Певцов кур бакасы (Bufo pewzowi) | 25,0 | 70,0 | ||
110 | Суу бака (Rana ridibunda) | 10,0 | 30,0 | ||
111 | Певцов кур бакасынын жана суу баканын чөмүч баштары | 1,0 | 3,0 | ||
V. Курт-кумурскалар жана башка муунак буттуулар (адамдын бир күндүк кол менен чогултканы) | |||||
112 | Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгенден тышкары курт-кумурскалардын жана муунак буттуулардын түрлөрү | 250,0 | 700,0 | ||
VI. Сууда жашаган чоң омурткасыздар, 1 кг үчүн | |||||
113 | Суу чаян, тишсиз | 80,0 | 230,0 | ||
114 | Үлүлдөр, сүлүк курттар | 60,0 | 170,0 | ||
VII. Балыктар (мамлекеттик балык чарба фондунун көлмөлөрүндөгү) | |||||
1 баш үчүн | |||||
| Эндемикалык түрлөрү |
|
| ||
115 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 449 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
116 | Гагаркуни жилингири (Ысык-Көлдүкү) | 50,0 | 450,0 | ||
117 | Амудария жилингири (дарыя) | 60,0 | 200,0 | ||
| Май канаттар |
|
| ||
118 | Май канат-лудога | 100,0 | 300,0 | ||
119 | Момун балык | 30,0 | 100,0 | ||
| Чоң бөлүкчөсү |
|
| ||
120 | Жаян, ак амур, чортон, сазан, көк серке, макоо балык, жылан баш балык, кой балык | 30,0 | 100,0 | ||
121. | Көк чаар | 20,0 | 60,0 | ||
122 | Башкалар (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргенден тышкары башка түрлөрү) | 15,0 | 30,0 | ||
1 кг үчүн | |||||
| Эндемикалык түрлөрү |
|
| ||
123 | Ысык-Көл: чабак, чабакча, сазан | 50,0 | 400,0 | ||
| Чоң бөлүкчөсү |
|
| ||
124 | Жаян, ак амур, чортон, сазан, көк серке, макоо балык, жылан баш балык, кой балык | 50,0 | 150,0 | ||
| Майда бөлүкчөсү |
|
| ||
125 | Кадимки же или жылтыры, амур чабакчасы, кубулма кара балык, тыран, язь, кадимки чабак, кызыл канат, алабуга, арал чабагы, плотва, таман балык жана башкалар (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгенден тышкары) | 30,0 | 100,0 | ||
1 центнер үчүн | |||||
126 | Сом жана май канат (гегаркуни-жилингири, май канат-лудога, момун балык) | 5 000,0 | 15 000,0 | ||
127 | Башкалар (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөр жана балыктардын эндемикалык түрлөрүнөн башка)
| 2 500,0 | 7 500,0 | ||
VIII. Тоют объекттери, 1 кг үчүн (төлөнүүчү минималдуу көлөм 0,5 кгдан жогору) | |||||
128 | Сөөлжан; суу тоют объекттери: кызыл курт, ызылдак курт, суу бүргөлөр, капталдап сүзгүчтөр | 60,0 | 170,0 | ||
IX. Мумиялуу чийки зат, 1 кг үчүн | |||||
129 | Чийки-мумия | 15,0 | 45,0 | ||
|
|
|
|
|
|
Акы төлөөнүн аталган ставкаларынын өлчөмү эгерде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу (чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жарандардан тышкары) төмөнкү максаттарда жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 0,0 сомго барабар болот:
- адам өмүрүнө жана ден соолугуна, айыл чарба жана үй жаныбарларына болгон коркунучту четтетүү, “зыяндуу” жаныбарлардын санын жөнгө салуу;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде балыкты) өндүрүү жана өстүрүү, илимий изилдөө (анын ичинде өмүр бою эн салуу), мониторингдөө, алардын түрлөрүнүн курамын жана запастарын изилдөө, мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү.
Канаттуулардын жана сойлоочулардын 1 жумурткасына акы төлөө ставкалары жапайы жаныбарлардын түр/түрчөлөрүнүн 1 башы үчүн болгон акынын ставкасынан 10 пайыздык өлчөмдө белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө ставкаларынын өлчөмдөрү (7 жаштан жогору эркек Марко Поло аркарынан башка) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.
Табигый экосистеманы бузуу же түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган ар кандай типтеги жер пайдалануу (кен иштетүү, жол салуу, дың жерлерди айдоо, гидротехникалык курулмаларды куруу ж.б.у.с) жапайы жаныбарлар байырлаган жерлерде калыбына келбей турган өзгөрүүлөрдүн болушуна жана ал жерге узак убакытка чейин байырлабай, ал жерде тукум улабай же таптакыр келбөөсүнө алып келсе, табияттан жаныбарлар дүйнөсүнүн бул объекттерин түздөн-түз алып салууга барабар болуп эсептелет. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мындай жок кылуу үчүн акы төлөөнү өлчөө ушул ставкалар боюнча кошумча коэффициенттерди колдонуу менен төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ТӨ (төлөөнүн өлчөмү) = АС (акынын ставкасы) x N x k,
мында:
N – жерди иштетип баштагандан бери жок кылынган түрлөрдүн саны;
k – ар бир жапайы жаныбарлардын түрлөрү/түрчөлөрү алардын биологиялык өзгөчөлүктөрүн (жашоосунун орточо жашоо жана төлдөө узактыгы, жашап кетүү пайызы) жана 10 жылга чейин деструктивдүү таасир этүүнүн шарттуу узактыгын эске алуу менен эсептелүүчү коэффициент.
Коэффициенттердин сандык мааниси эксперттик баалоону талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.