Редакцияот 16.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-августу № 478

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эл аралык компаниялардагы атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Ири технологиялык жана башка чет өлкөлүк жана эл аралык компанияларда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын илгерилетүү, Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эл аралык компаниялардагы атайын өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-августундагы № 64 (3618) саны менен жарыяланды

 

 

           Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

                биринчи орун басары

 

А.А. Касымалиев