Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы № 478 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эл аралык компаниялардагы атайын өкүлү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эл аралык компаниялардагы атайын өкүлү кызмат орду (мындан ары - атайын өкүл) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде жигердүү илгерилетүү, Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасы жана улуттук маданият жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында түзүлөт.
2. Атайын өкүлдүн функциясы жана милдети
2. Атайын өкүлдүн негизги милдети ири технологиялык жана башка чет өлкөлүк жана эл аралык компанияларда (мындан ары - эл аралык компания) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын илгерилетүү болуп саналат.
3. Атайын өкүлдүн функциялары:
- эл аралык компаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын алгылыктуу аброюн өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун, илимий-техникалык потенциалын жана адамдык капиталын жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнө инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- экономикалык иштин ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы жана жогорку технологияларды, инновацияларды жана алдынкы чет өлкөлүк тажрыйбаны Кыргыз Республикасына алып келүүгө көмөктөшүү;
- инновациялык потенциалды өнүктүрүүгө, ата мекендик инновациялык системаны күчөтүүгө көмөктөшүү;
- эл аралык компаниялардын, башка компаниялардын жана фонддордун долбоордук (тематикалык) инвестицияларын тартууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасында уюштурула турган инвестициялык форумдарга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн эл аралык компаниялардын жана башка ири компаниялардын топ-менеджерлери менен байланыштарын орнотуу боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын өлкө жетекчилигинин жана өкүлдөрүнүн эл аралык компаниялардын жана башка ири компаниялардын топ-менеджерлери менен жолугушууларын уюштуруу;
- эл аралык компаниянын топ-менеджментин (башка жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүн) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана чет өлкөлөрдөгү мекемелери уюштурган форумдарга, конференцияларга жана башка иш-чараларга чакырууга жана катышууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына көмөк көрсөтүү;
- квалификациясын жогорулатуу же стажировкадан өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын келечектүү жаш жарандарын эл аралык компанияларга орноштуруу үчүн мүмкүнчүлүккө жараша шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына инвестицияларды тартуу маселелери, Кыргыз Республикасынын эл аралык компания менен кызматташуусунун мүмкүн болгон багыттары, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү эл аралык оң тажрыйба боюнча сунуштарды жөнөтүү;
- башка функциялар.
3. Атайын өкүлдүн статусу
4. Атайын өкүлдүн статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 3 жылдык мөөнөткө берилет.
5. Атайын өкүлдүн статусу акыркы 3 жылдын ичинде эл аралык компаниянын кызматкери болуп саналган, ушул компаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө даяр экендигин билдирген жана жогорку өкүлчүлүк деңгээлинде иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон жеке сапаттарга жана кадыр-баркка ээ болгон Кыргыз Республикасынын жаранына берилиши мүмкүн.
6. Атайын өкүлдүн ишинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында ага Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту берилет.
4. Атайын өкүлдүн ишин уюштуруу
7. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына отчет берет.
8. Атайын өкүл өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалымат жана презентациялык материалдар менен камсыздалат.
9. Атайын өкүл өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
10. Атайын өкүлдүн ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жүзөгө ашырат.
5. Атайын өкүлдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби
11. Атайын өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан төмөнкүдөй учурда мөөнөтүнөн мурун токтотулушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- ишеним жоголгон учурда;
- ал катышуучу тарап болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында чараларды көрбөгөн учурда;
- соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алган учурда.