Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2022-жылдын 28-ноябры № 01-13/192
Энергетикалык жабдууларды оңдоо жана техникалык кайра жабдуу боюнча жумуштардын базалык бааларынын прейскурантын жана аларга эмгек сыйымдуулугун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 13-2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябры № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, отун-энергетика комплексинин ишканаларын энергетикалык жабдууларды оңдоо боюнча ченемдик укуктук актылар менен камсыз кылуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "Энергетикалык жабдууларды оңдоо жана техникалык жактан кайра жабдуу боюнча жумуштардын негизги бааларынын прейскурантын жана аларга эмгек сыйымдуулугу" тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн басылманын булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 2-декабрындагы № 106 (3441) жарыяланды
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министр | Т.Ө. Ибраев |