Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 492
Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңеши жөнүндө
Ата Мекендик кинематографияны өнүктүрүү маселелери боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана кинематография ишмерлеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-августундагы № 65 (3619) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - төрага;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри - төраганын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору;
Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын директору;
"Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору;
"Кыргызтасмасы" кино борборунун директору;
Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы;
Кыргызстандын кинотеатр ээлеринин ассоциациясынын төрагасы;
Кыргызстандын продюсерлер ассоциациясынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары - катчы.
Жекече (макулдашуу боюнча):
Самыйкожо Мирлан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Асанканов Абылабек Асанканович - тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;
Актан Арым Кубат - Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер;
Суюндуков Артыкпай Айталиевич - Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер;
Жакшылыков Асан - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;
Толомушова Гульбара Байышевна - Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кино таануучу;
Бирназаров Темирбек Муканбаевич - кинорежиссер;
Жапаров Шамиль Медетбекович - кинорежиссер;
Койчубеков Жуманазар Койчубекович - кинорежиссер.