Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 492 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңеши (мындан ары - Кеңеш) кинематография жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышкан сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлгөн туруктуу иштөөчү кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишин маданият жана кинематография ишмерлери менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңештин негизги милдети ата мекендик кинопродукцияны өндүрүүгө, прокатка жана көрсөтүүгө мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу менен байланышкан сунуштарды кароо жана даярдоо, фильмдерди өндүрүүнүн тематикалык багыттарын аныктоо жана чет өлкөлөрдө ата мекендик кинопродукцияны илгерилетүүдө жана жайылтууда колдоо көрсөтүү, билим берүүнү, илимди өнүктүрүү жана кинематография жаатында инновациялык технологияларды ишке киргизүү болуп саналат.
5. Кеңеш өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруунун алкагында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйналыштарында мамлекеттик органдардын жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин, кинематография чөйрөсүнүн ишмерлерин жана коомчулуктун өкүлдөрүн угууга;
- мамлекеттик органдардан иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суроого жана алууга.
6. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
7. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
8. Кеңештин ишинин негизги формасы болуп жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жылына 2 жолу өткөрүлүүчү жыйналыштар саналат.
9. Кеңештин жыйналышына объективдүү себептер боюнча катышууга мүмкүн болбогон учурда, Кеңештин мүчөсү болуп саналган мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнүн орун басарларынын бирине Кеңештин жыйналышына катышуу үчүн добуш берүү укугу менен ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасы болуп эсептелет. Кеңештин төрагасынын бир орун басары болот.
11. Кеңештин ишине жетекчиликти Кеңештин төрагасы, ал эми төрага жок болгон учурда төраганын орун басары жүзөгө ашырат.
12. Кеңештин төрагасы жыйналыштарды өткөрүү күнүн жана убактысын аныктайт, Кеңештин ишин жана ишмердигин жалпы контролдоону уюштурат.
13. Кеңеш өз ишин планга ылайык жүзөгө ашырат, ал Кеңештин жыйналышында кабыл алынат жана анын төрагасы тарабынан бекитилет. Кеңештин иштөө тартиби анын төрагасы тарабынан же ушул Жобо менен аныкталат.
14. Кеңештин жыйналышы Кеңеш кабыл алган планга ылайык өткөрүлөт.
15. Кеңештин жыйналышын Кеңештин төрагасы же ал жок болгон учурда Кеңештин төрагасынын орун басары өткөрөт.
16. Кеңештин чечими жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда жыйналышка төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
17. Кеңештин жыйналышында кабыл алынуучу чечимдер протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же анын орун басары, жыйналышка төрагалык кылуучу кол коёт. Кеңештин жыйналышынын протоколунун көчүрмөсү анын мүчөлөрүнө жиберилет.
18. Кеңештин жыйналышынын протоколун Кеңештин катчысы жүргүзөт.
19. Кеңештин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.
20. Кеңеш маданият, кинематография жаатындагы аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарына кабыл алынган чечимдер жөнүндө Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорунан көчүрмө түрүндө маалымдайт.
21. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жүзөгө ашырат.