Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 486 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү консультациялык орган болуп саналат.
Кеңеш илимди, илимий-техникалык жана инновациялык иштерди өнүктүрүү менен байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине илимий-инновациялык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды берет.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңештин курамы жана иш планы бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- илимди, илимий-техникалык жана инновациялык иштерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды кароо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине илим жана инновациялар жаатында аткаруу бийлик органдарынын ишинин багыттары боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүн камсыз кылуу максатында илимий-инновациялык ишти активдештирүү жана өбөлгөлөө жөнүндө мамлекеттик органдардын, ата мекендик, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин сунуштарын кароо;
- Кыргыз Республикасында жаңы технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо;
- жаңы технологиялар жаатындагы мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу жана региондук илимий борборлорду өнүктүрүү боюнча ишти координациялоо.
6. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн өзүнүн жыйналыштарына чакырууга жана угууга;
- Кеңештин мүчөлөрүн жана өз өкүлдөрүн илим, инновациялар жана жаңы технологиялар чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар өткөргөн кеңешмелерге, конференцияларга жана семинарларга катышуу үчүн жиберүүгө;
- маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик иштерди жүзөгө ашыруу үчүн илимий жана башка уюмдарды, ошондой эле окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, илимий, билим берүү жана башка уюмдардан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдарга көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды жана инновациялык ишти колдоого жана мыкты инновациялык долбоорлорду аныктоого багытталган башка иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
7. Кеңеш он тогуз адамдан кем болбогон санда түзүлөт. Кеңештин курамына Кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана Кеңештин мүчөлөрү кирет. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кеңештин төрагасы болуп саналат.
8. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн алдыңкы окумуштууларды, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен өз мүчөлөрүнүн ичинен ведомстволор аралык жумушчу топторду түзөт.
Ведомстволор аралык жумушчу топтордун курамы Кеңеш тарабынан бекитилет.
9. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан айрым маселелер боюнча сунуштарды даярдоо үчүн өз ишинин багыттары боюнча убактылуу жумушчу топторду, чакан топторду жана кеңештерди түзүүгө укуктуу.
10. Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана аны уюштуруу, Кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоону илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.
11. Кеңештин жыйналыштары бир жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз жыйналыштар Кеңештин төрагасынын демилгеси боюнча өткөрүлөт.
12. Кеңештин жыйналышын Кеңештин төрагасы, ал жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири өткөрөт.
13. Кеңештин жыйналышы, эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу болуп саналат.
14. Кеңештин чечимдери жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага төрагалык кылуучу кол коёт.
Кеңештин ишинин уюштуруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда Кеңештин мүчөлөрүнүн добуш берүүсү сурамжылоо баракчасын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.