Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVII сессиясы
2024-жылдын 15-августу №6
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ,сот, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин убактылуу жашоосу үчүн курулган турак үйлөрдү жана жер аянттарын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
(Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы №1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын №119/3 Алма –Бак аймагындагы 2380,0 чарчы метр жер тилкеси иш жүзүндөгү имараттары менен (идентификациялык коду 4-05-03-0002-2430) жана И.Раззаков көчөсү №39в дарегинде жайгашкан 363,0 чарчы метр жер тилкеси имараттары менен (идентификациялык коду 4-05-01-0002-0499) белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу иштерин жүргүзүү, жер аянтынын ордун чектеп, мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | А. Молдосалиев |