Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 333
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 35-пункт менен толукталсын:
"35. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин, 21-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын:
"19) Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин, 19-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 19-тиркеме менен толукталсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
- 2-бөлүмдө:
38-пунктта "4" деген цифра "2" деген цифрага алмаштырылсын;
39-пунктта "10" деген цифралар "3" деген цифрага алмаштырылсын;
40-пунктта "15" деген цифралар "4" деген цифрага алмаштырылсын;
- "Чыгармачыл-өндүрүштүк персонал жалпы" бөлүгүндө "363" деген цифралар "343" деген цифраларга алмаштырылсын;
- "БАРДЫГЫ (бирдик)" бөлүгүндө "930" деген цифралар "910" деген цифраларга алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин карамагына 20 штаттык бирдикти тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин типтүү штатынын ЧЕГИ
№ | Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
| 1-глава. Административдик-башкаруу персоналы |
|
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 1 |
3 | Жетектөөчү адис | 1 |
| Жалпы | 3 |
| 2-глава. Негизги персонал |
|
4 | Башкы редактор | 2 |
5 | Бөлүмдүн башчысы | 3 |
6 | Редактор-аналитик | 2 |
7 | Медиаэксперт | 9 |
8 | PR-адис | 2 |
9 | SMM-адис | 7 |
10 | Web-редактор | 11 |
11 | Редактор | 16 |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1 |
13 | Жарнама боюнча менеджер | 1 |
| Жалпы | 54 |
| 3-глава. Техникалык персонал |
|
14 | Техникалык бөлүмдүн башчысы | 1 |
15 | Программист | 4 |
16 | Инженер-программист | 2 |
17 | Чарбанын башчысы | 1 |
18 | Катчы-референт | 1 |
| Жалпы | 9 |
| 4-глава. Тейлөөчү персонал |
|
19 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 2 |
| Жалпы | 2 |
| Бардыгы (бирдик) | 68 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "19-тиркеме |
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлери үчүн квалификациялык ТАЛАПТАР
№ | Кызмат ордунун аталышы | Квалификациялык талаптар |
1-глава. Административдик-башкаруу персоналы | ||
1 | Директор | Бардык багыттагы жогорку кесиптик билими, 5 жылдан кем эмес жалпы иш стажы |
2 | Башкы директордун орун басары | "Журналистика" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, телерадиоберүү чөйрөсүндө жана/же жалпыга маалымдоо каражаттарында 5 жылдан кем эмес иш стажы |
3 | Жетектөөчү адис | Жогорку же кесиптик билими, 3 жылдан кем эмес иш стажы |
2-глава. Негизги персонал | ||
4 | Башкы редактор | "Журналистика", "Гуманитардык илимдер", "Педагогика" багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
5 | Бөлүмдүн башчысы | "Гуманитардык илимдер", "Техникалык" багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
6 | Редактор- аналитик | "Журналистика", "Гуманитардык илимдер", "Педагогика" багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
7 | Медиаэксперт | "Журналистика" багыты боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
8 | PR-адис | "Журналистика", "Гуманитардык илимдер", "Педагогика" багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
9 | SMM адис | "Журналистика", "Гуманитардык илимдер", "Педагогика" багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
10 | WEB-редактор | "Гуманитардык илимдер", "Техникалык" багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
11 | Редактор | "Журналистика", "Гуманитардык илимдер", "Педагогика" багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | "Экономика жана башкаруу" багыты боюнча жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы, мамлекеттик сатып алуулар боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу |
13 | Жарнама боюнча менеджер | Бардык багыттагы, адистиктеги жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
3-глава. Техникалык жана тейлөөчү персонал | ||
14 | Техникалык бөлүмдүн башчысы | "Гуманитардык илимдер", "Техникалык" багыттары боюнча жогорку кесиптик билимге ээ болуу, 3 жылдан кем эмес иш стажы |
15 | Программист | Техникалык багыттагы, адистиктеги жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
16 | Инженер- программист | Техникалык багыттагы, адистиктеги жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
17 | Чарбанын башчысы | Бардык багыттар же адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билими, кесиби боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
18 | Катчы-референт | Жогорку же атайын орто билими, иш стажына талап коюлбайт |
4-глава. Тейлөөчү персонал | ||
19 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | Айдоочулук жаатындагы кесиптик билими, кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенти |
| 1-глава. Административдик-башкаруу персоналы |
|
1 | Директор | 5,97 |
2 | Директордун орун басары | 5,37 |
3 | Жетектөөчү адис | 3,48 |
| 2-глава. Негизги персонал |
|
4 | Башкы редактор | 4,77 |
5 | Бөлүмдүн башчысы | 4,77 |
6 | Редактор-аналитик | 4,10 |
7 | Медиаэксперт | 4,10 |
8 | PR-адис | 3,50 |
9 | SMM-адис | 3,50 |
10 | Web-редактор | 3,35 |
11 | Редактор | 3,15 |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,56 |
13 | Жарнама боюнча менеджер | 3,15 |
| 3-глава. Техникалык персонал |
|
14 | Техникалык бөлүмдүн башчысы | 4,00 |
15 | Программист | 3,50 |
16 | Инженер-программист | 3,00 |
17 | Чарбанын башчысы | 2,27 |
18 | Катчы-референт | 2,27 |
| 4-глава. Тейлөөчү персонал |
|
19 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,62 |
Эскертүү.
Тейлөөчү персоналды кошпогондо, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлерине чыгармачылык жана кесиптик демилгелери үчүн бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк жана ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 40 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк белгиленет.".