Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 411
Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык;
3) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды индексациялоонун тартиби 3-тиркемеге ылайык;
4) Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 11-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 347 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген пенсияларды индекстөө тартибин бекитүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1, 3, 4-пункттары;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |