Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтому менен бекитилди) |
Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун,
пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле
расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун
тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 541, 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
3-глава. Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби
4-глава. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби
5-глава. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды кароо тартиби
6-глава. Социалдык фонддун аймактык органдарында пенсиялык иштерди эсепке алуу жана сактоо тартиби
7-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби
8-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмдөрү
9-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөнбөгөн учурлар
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо камсыздандырылган жарандардын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуу эрежелерин, ушул кайрылууларды кароо жол-жобосун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле арыз ээлери тарабынан пенсионер же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуу тартибин белгилейт.
3. Бул Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга төгүмдөрдү төгүүчү, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасында пенсия алган же пенсия алууга укуктуу болгон чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.
4. Бул Жободо төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) камсыздандырылган адам - анын пайдасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жүргүзүлгөн жеке жак;
2) идентификациялык жеке номер - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда, ошондой эле жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ал адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;
3) жеке камсыздандыруу эсеби – социалдык камсыздандыруу органы тарабынан камсыздандырылган адамдын жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдан кийин) эмгектик жана башка ишинин мезгили үчүн топтолгон камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү башка дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылган документ. Жеке камсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга ыйгарылган жеке идентификациялык номери болот;
4) жеке эсепке алуу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн ар бир камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү;
5) пенсиялык иш - документтердин китепчеге айландырылган топтому, анын негизинде пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамга пенсия дайындалат;
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) № 1 жана № 2 тизме - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмеси;
8) арыз ээси - каза болгон пенсионерди иш жүзүндө акыркы сапарга узаткан адам (жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар);
9) расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул - пенсионер каза болгондо же анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгондо камсыздандыруучу тарабынан берилүүчү жөлөкпул.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
5. Курагы боюнча (№ 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери үчүн пенсияга укугу барларды кошпогондо), майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) региондук органына жашаган жери же турган жери боюнча, ошондой эле Социалдык фонддун санариптик порталындагы “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” аркылуу арыз менен кайрылат, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
6. № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укугу бар камсыздандырылган адамдар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жеңилдик берүүчү стажынын көпчүлүк бөлүгү иштелген жердеги ишкананын администрациясына кайрылат.
Жеңилдик берүүчү пенсияларды төлөөгө арналган каражаттарды капиталдаштырууну жана Социалдык фондго өткөрүп берүүнү жүргүзгөн ишканалар жоюлган, кайра уюштурулган учурларда № 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары үчүн иштин зарыл стажын иштеген жарандар жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылат.
7. Ишканада жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия алган камсыздандырылган адамдар СП2 пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына арыз менен кайрылат.
8. № 2 тизме боюнча жеңилдик берүүчү стажды иштеп бүткөн камсыздандырылган адамдар "PESAC" программасына кирген ишканалардын жана 1996-жылга чейин укук улантуучусуз жана каражаттарды капиталдаштырылбастан жоюлган ишканалардын текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына арыз менен кайрылат.
9. Кары-картаңдар жана майыптар үйлөрүндө жашаган камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун кары-картаңдар жана майыптар үйү жайгашкан жердеги аймактык органына пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен ушул мекеменин администрациясы аркылуу кайрылат.
10. Тергөө изоляторлорунда жүргөн жана түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан камсыздандырылган адамдар пенсиянын камсыздандырылган бөлүгүн дайындоо жөнүндө Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги аймактык органына мекеменин администрациясы же ишенимдүү адамы аркылуу арыз менен кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмесиндеги адамдарга, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго пенсия дайындоого жана төлөп берүүгө жол бербөө максатында ай сайын Социалдык фонд менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ортосунда соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги жана жаза өтөөдөн бошотулгандыгы жөнүндө маалымат алмашуу жүргүзүлөт.
11. Пенсия дайындалуучу жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам болгон учурларда, анын ата-энеси (асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) тарабынан пенсия дайындоо жөнүндө арыз ал жашаган жердеги же турган жердеги Социалдык фонддун аймактык органына берилет. Эгерде жашы жете элек өспүрүмдүн же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) ар башка жашаса, бул учурда жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам менен чогуу жашаган ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү) тарабынан арыз жашаган жери же турган жери боюнча берилет.
Эгерде жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адамдын мыйзамдуу өкүлү жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам дайыма болуучу тиешелүү мекеме болуп эсептелсе, пенсия дайындоо жөнүндө арыз Социалдык фонддун ушул мекеме жайгашкан жердеги аймактык органына берилет.
16 жашка толгон жашы жете элек бала баккан адамынан айрылган учурда пенсия дайындоо үчүн ушул Жобого ылайык Социалдык фонддун өзү жашаган жердеги же турган жердеги аймактык органына өз алдынча кайрылууга укуктуу.
12. Камсыздандырылган адамдар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген пенсия алуу укугу пайда болгондон кийин каалаган убакта кандайдыр бир мөөнөт чектелбестен пенсия дайындоо үчүн кайрыла алышат.
Курагы боюнча пенсияны дайындоо, анын ичинде жеңилдик берүүчү шарттарда пенсияны дайындоо жөнүндө арыз пенсиялык куракка жеткенге чейин, бирок ушул пенсияга укук келип чыкканга алты ай калгандан эрте эмес берилиши мүмкүн.
Камсыздандырылган адамдын пенсия дайындоо үчүн кайрылган күнү болуп бардык зарыл болгон документтер менен пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоочу орган тарабынан же Социалдык фонддун санариптик порталындагы “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети" аркылуу кабыл алынган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана мында бардык зарыл документтер тиркелсе, анда пенсия алуу үчүн кайрылган дата болуп ушул арыз жөнөтүлгөн жердеги почталык штемпелде көрсөтүлгөн дата эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Пенсия дайындоо жөнүндө арызда камсыздандырылган адамдын идентификациялык жеке номери жана анын паспортунун маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
14. Пенсия дайындоо жөнүндө арызга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине (мындан ары – Тизме) ылайык зарыл болгон документтер жана маалыматтар тиркелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
141. Жобого ылайык пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон санариптик түрдө жеткиликтүү маалыматтар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Социалдык фонддун органдары тарабынан “Түндүк” санариптик өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – “Түндүк” СӨС) аркылуу акысыз негизде суралат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле жекече эсепке алуу системасында зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда же мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын техникалык жактан даяр эместигинен “Түндүк” СӨС аркылуу мындай маалыматтарды алуу мүмкүн болбосо, камсыздандырылган адамдар зарыл болгон документтерди көрсөтүү үчүн Социалдык фонддун региондук органдарына же Социалдык фонддун санариптик порталындагы “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” аркылуу кайрылат.
Арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу, ал эми жеке кайрылганда бекитилген Тизменин 11-пунктунда каралган ким экендигин ырастоочу документтин негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Социалдык фонддун органдары тарабынан “Түндүк” СӨС аркылуу алынган маалыматтар анык, жарактуу деп эсептелет жана кагаз түрүндөгү документтерге теңештирилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Эгерде пенсия дайындоо үчүн берилген документтерде жана жеке эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болсо, Социалдык фонддун пенсия дайындоочу региондук органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде иш берүүчүгө же компетенттүү органга эмгек иши жөнүндө жана камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу суроо-талап жиберет же болбосо маалыматтар “Түндүк” СӨС аркылуу суралат.
Социалдык фонддун региондук органдары пенсия дайындоо үчүн кайрылган камсыздандырылган адамга консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адам "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте анын жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар менен алдын ала таанышууга укуктуу.
17. 1992-жылдын 13-мартындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсия менен камсыз болуу жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттерден көчүп келген пенсионерлер пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен жашаган жери же турган жери боюнча Социалдык фонддун аймактык органына арыз менен кайрылышат. Арыздын негизинде Социалдык фонддун аймактык органы тарабынан пенсионер мурда жашаган жерге пенсиялык иш боюнча сунуш-талап жиберилет. Арыз ээсинин колунда пенсиялык иш болгон учурда, ал арызга тиркелет.
18. Эгерде майыптыгы боюнча болжолдонгон же дайындалган пенсиянын өлчөмү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болсо, анда майыптыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамга же пенсионерге майыптыгы боюнча пенсияны же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду тандоо укугу бир жолу берилет.
19. Ушул Жобонун 18-пунктунда каралган учурларда майыптыгы боюнча пенсия ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин төлөнөт.
3-глава. Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби
20. Пенсионерлер төмөнкү учурларда пенсияны кайра эсептөө үчүн арыз беришет:
1) пенсияга чыкканга чейинки камсыздандыруу стажы жөнүндө кошумча маалыматтар берилгенде;
2) Мыйзамдын 13-беренесинде каралган үстөктөрдү чегерүүгө укук берген документтер берилгенде;
3) баккан адамдарынын саны өзгөргөндө (баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалган учурда).
21. Пенсионерлер же карылар жана майыптар үйлөрүндө жашаган же түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан пенсионерлер үчүн мекемелердин администрациясы зарыл болгон документтер менен бирге пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызды пенсионердин пенсиялык иши жайгашкан жердеги Социалдык фонддун аймактык органына беришет.
22. Пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Тизмеге ылайык пенсияны кайра эсептөөгө укукту ырастоочу документтер тиркелүүгө тийиш.
23. Төмөнкү учурларда жазуу жүзүндө арызды талап кылбастан пенсиянын белгиленген өлчөмүн кайра эсептөө жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын пенсияны индексациялоо же өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актылары кабыл алынганда;
2) майыптуулугунун тобу өзгөргөндө;
3) пенсионер 80 жаш куракка толгондо;
4) багуудагы адамдардын бири 18 жаш куракка толгондо (билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин окуучулары окуусун аяктаганга чейин, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин);
5) жеке (индивидуалдык) эсепте турган жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн пенсионерлерге отчеттук мезгил үчүн, ошондой эле пенсия дайындалган күндөн тартып өткөн мезгил үчүн пенсиянын топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнөн пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөдө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби
24. Пенсионерлер карылар жана майыптар үйлөрүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурда пенсионерлер же мекемелердин администрациясы Социалдык фонддун пенсиялык иш жайгашкан жердеги аймактык органына пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө зарыл документтер менен бирге арыз беришет.
25. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо кайрылуу берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт.
26. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо Социалдык фонддун органы тарабынан пенсионердин арызынын жана пенсия дайындоо үчүн жаңыдан берилген документтердин же пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
27. Пенсиялык иште болгон документтер боюнча пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын мурда жүргүзүлгөн бардык эсептөөлөрү сакталат, ал эми пенсионер тарабынан стажы жөнүндө кошумча документтер берилген учурда пенсия жаңы пенсия дайындоонун шарттарында эсептелет.
28. Эгерде пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өткөн пенсионерлер, андан кийин пенсиянын мурдагы түрүнө которуу жөнүндө арыз берсе, ал пенсия мурдагы өлчөмүндө калыбына келтирилет.
29. "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Социалдык фонддун органдары тарабынан пенсия дайындалган пенсионерлер да ушул Жобого ылайык Мыйзам боюнча пенсияга өтүү жөнүндө бардык зарыл документтер менен арыз берип кайрылууга укуктуу.
5-глава. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө,
пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү
жөнүндө арызды кароо тартиби
30. Пенсия арыздын негизинде дайындалат. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте тиркелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Пенсия дайындоо, кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн документтерди кабыл алууда пенсия дайындоочу орган арыздын жазылышынын тууралыгын; арыз берүүчүнүн ким экендигинин күбөлөндүргөн документтен алынып киргизилген маалыматтардын ылайык келишин текшерет; документтердин көчүрмөлөрүн түп-нускалары менен салыштырат; арызды ошол эле күнү катар номерин жана арыз кабыл алынган датаны көрсөтүү менен каттоо журналында каттайт жана документтердин алынгандыгы жөнүндө тил кат берет, анда арыз алынган дата, жетпеген документтердин тизмеси жана аларды берүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
32. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арыз ушул арыз кабыл алынган күндөн тартып же болбосо жетишпеген документтер берилген күндөн тартып 15 күндүн ичинде каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тартылган учурда, пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет.
33. Пенсионердин пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызы бардык зарыл документтер менен чогуу арыз кабыл алынган күндөн тартып беш күндүн ичинде каралат. Пенсияны кайра эсептөөдөн баш тартылган учурда пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет.
34. Документтер текшерилип жана көчүрмөлөрү менен салыштырылгандан кийин документтердин түп-нускалары (паспорт, нике тууралуу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, диплом жана башкалар) арыз берүүчүгө кайтарылып берилет, ал эми эмгек китепчеси ага пенсия дайындалгандан кийин кайтарылат. Мында эмгек китепчесине Социалдык фонддун органынын пенсия дайындалгандыгы (пенсиянын түрүн жана дайындалган датасын көрсөтүү менен) жөнүндө штампы коюлууга тийиш.
35. Арыз берүүчүгө пенсиялык күбөлүк пенсия дайындоо жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин Социалдык фонддун аймактык органы, ошондой эле калкты тейлөө борбору аркылуу берилет. Пенсиянын өлчөмү жана дайындалган датасы пенсиялык күбөлүктө тиешелүү жазуу менен ырасталат жана мөөр басылат.
Ишканадан пенсия алуучу адамдарга (№ 2 тизме боюнча, текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия алуучуларга) пенсиялык күбөлүк жеңилдик берүүчү пенсия дайындалган ишкананын администрациясынын маалымкатынын негизинде пенсионер жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык органы тарабынан берилет.
36. Пенсиянын кайра эсептелгенден кийинки өлчөмү кайра эсептөөнүн датасын көрсөтүү менен пенсионер Социалдык фонддун аймактык органына кайрылганда пенсиялык күбөлүккө киргизилет.
37. Пенсия дайындалгандан кийин пенсионер оозеки жана жазуу жүзүндө кайрылган учурда Социалдык фонд пенсия алуучуга пенсиянын өлчөмү боюнча жүргүзүлгөн эсептөөлөр менен таанышуу үчүн пенсия дайындоо жөнүндө маалымат берет.
6-глава. Социалдык фонддун аймактык органдарында
пенсиялык иштерди эсепке алуу жана
сактоо тартиби
38. Ар бир пенсия алуучуга түзүлгөн пенсиялык иш пенсия алуучу жердеги пенсия дайындоочу органда сакталат.
39. Пенсионер Кыргыз Республикасынын чектеринде жашаган жерин которгондо пенсиялык иш пенсионер жаңы жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык органынын суроо-талабынын негизинде почта менен жиберилет, мында ал пенсионердин арызына жана анын жаңы жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү жөнүндө документтерге же иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жөнүндө маалыматтарга ылайык даярдалат.
40. 1992-жылдын 13-мартындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсия менен камсыз болуу жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттерге жана социалдык (пенсиялык) камсыз кылуу жөнүндө эки тараптуу келишимдерге катышкан мамлекеттерге кеткен адамдардын пенсиялык иштери тиешелүү мамлекеттин аймагында пенсиялык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу органга макулдашкан тараптар белгилеген тартипте жиберилиши мүмкүн.
41. Пенсионер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, аны менен социалдык (пенсиялык) камсыздоо жөнүндө эл аралык келишимдер түзүлбөгөн мамлекетке туруктуу жашоо үчүн кеткенде пенсиялык иш жөнөтүлбөйт жана ал Социалдык фонддун аймактык органында сакталат.
42. Пенсиялык иш жоголгон учурда Социалдык фонддун аймактык органы аны калыбына келтирүүгө карата чара көрөт.
43. Пенсияны төлөө токтотулган учурларда (пенсионердин чыгып кетиши, каза болушу, майыптыгын, окуусун белгилөө мөөнөтү аяктаган ж.б.) пенсиялык иштер жабылат жана белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилет.
44. Колдонулуп жаткан пенсиялык иштер жабылган пенсиялык иштерден өзүнчө, участоктор, пенсиялардын түрлөрү жана катар номерлери боюнча сакталат.
Жабылган пенсиялык иштер Социалдык фонддун органдарында архив материалдарын сактоо үчүн белгиленген тартипке ылайык архивде сакталат.
7-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн
кайрылуунун тартиби
45. Арыз ээси пенсиялык иштин жайгашкан жери боюнча Социалдык фонддун аймактык органдарына расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн арыз берет.
46. Эгерде карылар жана майыптар үйлөрүндө жашаган пенсионердин сөөгү социалдык стационардык мекеме тарабынан коюлса, анда социалдык стационардык мекеме расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Социалдык фонддун аймактык органдарына кайрылат.
47. Эгерде жазаларды өтөө жерлеринде болгон пенсионердин сөөгү жазаларды аткаруу мекемелери тарабынан коюлса, анда жазаларды аткаруу мекемелери расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Социалдык фонддун аймактык органдарына кайрылат.
48. Ушул Жобонун 45—47 пункттарында каралган кайрылуулар тиешелүү документтерди (каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү кайрылуу) берүү менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Социалдык фонддун аймактык органдары расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун суммасын банкка социалдык же түзөтүү мекемесинин алыш-бериш эсебине которот.
50. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат берүү менен расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алууга башка бир адамга ыйгарым укук берүүгө укуктуу (арыз ээси ооруп калганда, аракетке жөндөмсүз болгондо же арыз ээси кеткенде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен учурда).
8-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун
өлчөмдөрү
51. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:
1) 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө - Мыйзамга ылайык пенсия дайындалган пенсионер каза болгон учурда;
2) 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө - пенсиясы Мыйзамга ылайык дайындалган пенсионердин багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Эмгек акысына кошумча акынын коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.
53. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган пенсионерге же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өз убагында дайындалышы жана төлөнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.
9-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул
төлөнбөгөн учурлар
54. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнбөйт:
1) дайынсыз жок деп таанылган жана сот тарабынан каза болгон деп жарыяланган пенсионерлерге;
2) арыз ээси пенсионер каза болгон күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин кайрылган учурда.
(Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 541, 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомдорунун редакцияларына ылайык)