Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна) |
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды индексациялоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо механизмин аныктайт.
2. Пенсияларды индексациялоонун максаты - индексациялоодон мурунку календардык жылда түзүлгөн керектөө бааларынын индексинин жана орточо эмгек акынын өсүшүнө байланыштуу пенсиялардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо.
3. Пенсионердин жашоо минимумунун, керектөө бааларынын мурунку жылга карата пайыз менен индексинин жана орточо айлык эмгек акынын көрсөткүчтөрү - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан өткөн календардык жыл үчүн түзүлгөн жана жарыяланган көрсөткүчтөр.
4. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия бириктирилген (базалык жана камсыздандыруу пенсиялары) жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат.
5. Пенсиянын жалпы өлчөмү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык белгиленген кошумча төлөмдөрдү эсепке албастан аныкталат.
6. Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун кабыл алуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жыл сайын индексацияланат.
7. Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоонун каржылоо булагы болуп республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар эсептелет. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоону каржылоо булагы болуп Пенсиялык фонддун бюджетинин каражаттары эсептелет. № 2 тизме боюнча, текстиль өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерге жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия алган адамдарга пенсиянын базалык бөлүгүн жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн ЖЭ1 индексациялоону каржылоо булагы болуп иш берүүчүнүн каражаттары эсептелет.
2-глава. Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо
8. Индексациялоонун алдындагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын көлөмүнүн өсүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү жөнүндө токтому кабыл алынып жаткан учурда "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү индексацияланууга тийиш.
10. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексациялоо аркылуу орточо эмгек акынын (республикада өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде сакталат.
11. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнө барабар же андан чоң болсо пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланбайт.
12. Индексациялоону эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгү пенсионердин индексациялоодон мурунку жылдагы пенсиясынын базалык бөлүгүнүн чоңдугун индексациялоодон мурунку жылы түзүлгөн орточо эмгек акынын пайыздык өсүшүнө көбөйтүндүсүн түзөт жана ал тоголок санга чейин тегеректелет.
Бинд = Бөткөн. жыл х ОАЭөсүшү %
мында:
Бинд - тоголок санга чейин тегеректелип, тийиштүү жылга индексациялоону эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгү;
Бөткөн. жыл - индексациялоонун алдындагы өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин пенсиясынын базалык бөлүгүнүн көлөмү;
ОАЭөсүшү % - индексациялоонун алдындагы өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздык өсүшү.
2018-жылга индексациялоону эске алып пенсиянын базалык бөлүгүн эсептөөнүн мисалы 1-таблицада келтирилген:
1-таблица
Бинд = 1780 х 103,7% = 1846 сом,
мында: Бинд - 2018-жылга индексациялоону эске алганда пенсиянын базалык бөлүгү; 1780 - 2017-жылга пенсионердин пенсиясынын базалык бөлүгүнүн көлөмү; 103,7% - 2017-жылы орточо эмгек акынын 2016-жылдагы орточо эмгек акыга карата пайыздык өсүшү. |
13. Пенсиясынын жалпы өлчөмү пенсионердин өткөн жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумуна барабар же ашкан адамдардан тышкары, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-пунктуна ылайык эсептелген I топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиясынын базалык бөлүгү индексациялоонун алдындагы өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздык өсүшүнө индексацияланат.
14. Майыптыгынын тобу өзгөргөндө, пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо максатында пенсиянын жалпы өлчөмү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, аталган Мыйзамдын 261-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттөргө жараша кайра каралат.
15. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык эсептелген, багуучусунан айрылгандык, ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандык боюнча пенсия алган балдарга каза болгон ата-энесинин ар биринин пенсиясынын ыктымалдуу базалык бөлүгү индексациялоодон мурдагы өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздык өсүшүнө карата өз-өзүнчө индексацияланат, буга ата-энесинин ар биринин пенсиясынын ыктымалдуу жалпы өлчөмү өз-өзүнчө алганда өткөн жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумуна барабар же ашык болгон адамдар кирбейт.
16. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык эсептелген, текстиль өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерге жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, № 2 тизме боюнча пенсия алган адамдарга алар жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин пенсиясынын базалык бөлүгүн индексациялоо иш берүүчү тарабынан ушул Тартипке ылайык анын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, буга пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумуна барабар же андан ашкан адамдар кирбейт.
3-глава. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо
17. Индексациялоонун алдындагы өткөн календардык жылда түзүлгөн орточо эмгек акынын көлөмүнүн жана керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп эсептелет.
18. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү жөнүндө токтому кабыл алынып жаткан учурда "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү индексацияланууга тийиш.
19. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти өткөн календардык жылда түзүлгөн керектөө бааларынын индексинин жана орточо эмгек акынын өсүшүнүн суммасынын орточо маанисинен кем эмес көлөмүн түзөт жана үтүрдөн кийин экинчи белгиге чейин кошуп тактоо менен эсептелет. Мында индексациялоонун өлчөмү пенсионердин өткөн календардык жылдагы жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнөн кем эмес болот.
Кинд = Σ [(КБИ % + ОАЭөсүшү %)] / 100 / 2
мында:
Кинд - пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн тийиштүү жылга индексациялоо коэффициенти;
КБИ % - индексациялоодон мурунку календардык жыл ичинде түзүлгөн керектөө бааларынын пайыздык индекси;
ОАЭөсүшү % - индексациялоонун алдындагы өткөн жылда календардык жыл ичинде түзүлгөн орточо эмгек акынын пайыздык өсүшү.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2018-жылга карата индексациялоо коэффициентин эсептөө мисалы 2-таблицада келтирилген:
2-таблица
Кинд = Σ [(103,2% + 103,7%)] / 100 / 2 = 1,04,
мында: Кинд - пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн 2018-жылга карата индексациялоо коэффициенти; 103,2% - 2017-жылдагы керектөө бааларынын индекси, мурунку жылга карата пайыз менен; 103,7% - 2017-жылдагы орточо эмгек акынын 2016-жылдагы орточо эмгек акыга карата пайыздык өсүшү. |
20. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоо жүргүзүү жөнүндө токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде аныкталат.
21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынган учурдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү төмөнкүдөй тартипте индексацияланат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө токтому кабыл алынган датага карата пенсиянын жалпы өлчөмү аныкталат;
2) пенсионер индексациялоого чейин алып жаткан пенсиясынын базалык бөлүгү пенсиянын жалпы өлчөмүнөн чыгарып салынат;
3) пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү аныкталат, алар пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициентине индексацияланат, мында индексациялоонун өлчөмү пенсионердин өткөн календардык жылдагы жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнөн кем болбойт;
4) пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө жүргүзүлгөн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча пенсиянын өлчөмү кайрадан аныкталат.
22. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эсептелген майыптыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициентине индексацияланууга тийиш, мында индексациялоонун өлчөмү пенсионердин өткөн календардык жылдагы жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнөн кем болбойт.
23. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык эсептелген баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиянын ыктымалдуу камсыздандыруу бөлүгү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо коэффициентине индексацияланууга тийиш, мында индексациялоонун өлчөмү пенсионердин өткөн календардык жылдагы жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнөн кем болбойт.
24. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык эсептелген баккан адамынан айрылгандыгы, ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча пенсия алган балдарга каза болгон ар бир ата-энесинин пенсиясынын ыктымалдуу камсыздандыруу бөлүгү пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине өз-өзүнчө индексацияланат, мында индексациялоонун өлчөмү пенсионердин өткөн календардык жылдагы жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнөн кем болбойт.
25. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарында жашаган адамдардын пенсияларынын камсыздандыруу бөлүктөрү райондук коэффициенттерди колдонбостон индексацияланат.
4-глава. Корутунду жоболор
26. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 261-беренесинде каралган негиздер боюнча пенсияны кайра эсептөөгө жана пенсияларды индексациялоого укук бир убакта пайда болсо, адегенде ошол негиздер боюнча кайра эсептөө жүргүзүлөт, андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пенсияларды индексациялоо жөнүндө токтомдору кабыл алынган датадан баштап пенсиянын бөлүктөрү ушул Тартипке ылайык индексацияланат.