Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 500
“Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө
Бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасы электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) 2024-жылдын 1-ноябрынан тартып 15-декабрына чейинки мезгилде “Мамлекеттик чек арадан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкаруу системасы” пилоттук долбоорун ишке ашырсын;
2) жогоруда аталган пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
3) пилоттук долбоорду ишке ашыруу жана электрондук кезекти башкаруу системасында чек арадан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ташуучулар арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн;
4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер менен биргеликте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте 2025-жылдын15-февралына чейинки мөөнөттө мамлекеттик чек арадан өткөрүү күнүн жана убактысын туруктуу негизде резервдөө тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизсин.
5. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-августу № 500
“Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу жүк
ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан
өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү
башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоор
жүргүзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
Бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасы электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) 2024-жылдын 1-ноябрынан тартып 15-декабрына чейинки мезгилде “Мамлекеттик чек арадан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкаруу системасы” пилоттук долбоорун ишке ашырсын;
2) жогоруда аталган пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
3) пилоттук долбоорду ишке ашыруу жана электрондук кезекти башкаруу системасында чек арадан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ташуучулар арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн;
4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер менен биргеликте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте 2025-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө мамлекеттик чек арадан өткөрүү күнүн жана убактысын туруктуу негизде резервдөө тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына белгиленген тартипте киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-августундагы № 66 (3620) саны менен жарыяланды

А.У. Жапаров |