Загрузка документа…
Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 47/9-28 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-августу № 34/7-28
Жайыт жерин ижарага берүү жөнүндө
“Медиа эксперт” жоопкерчилиги чектелген коомдун генералдык директору И.И.Таировдун кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, 2013-жылдын 13-сентябрындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №515 сандуу Токтомунун 2 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 05-февралындагы “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №43 токтомунун негизинде, Сын-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. “Медиа эксперт” жоопкерчилиги чектелген коомго, Узун-Булак коктусунун жогору жагындагы № 592-593 контурларында жайгашкан 4,0 га жер тилкеси, кирпич чыгаруу үчүн чопо казууга уруксат берилсин.
2. Бөлүнгөн жер участкасына капиталдык курулуш салынбасын.
3. “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” типтүү Жобого ылайык иш алып барылсын.
4. Жүк ташууда жолдорго зыян келтирбөө үчүн жолдун категориясына жараша эрежелер сакталсын.
5. Ижара төлөмдөрү Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте төлөнсүн жана ижара акысы бир жылга 1 га колдонулган жер участогу үчүн 100 000 (жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Ижара келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 29.12.2023-жылдагы №735 Токтомдо көрсөтүлгөндөй, “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишкана менен түзүлсүн.
7. Социалдык пакет катары “Медиа эксперт” жоопкерчилиги чектелген коомдун генералдык директору И.И.Таиров тарабынан, эксковатор техникасы “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын менчигине кайтарымсыз тапшырууга милдеттенсин.
8. Жергиликтүү калк үчүн, иштетилип чыгарылган сырье-материалдар (кирпич) жеңилдетилип, 30% арзандатуу менен сатылсын.
9. Жогорудагы чечимдин көзөмөлү муниципалдык ишкананын жетекчиси Н.Чоткараевге жүктөлсүн.
Төрага: | Э.Джолдошбеков |