Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024–жылдын 13-сентябрындагы № 47/9-28
Сын-Таш айылдык кеңешинин № 34/7-28 токтомуна
(Жайыт жерин ижарага берүү жөнүндө)
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Медиа эксперт” жоопкерчилиги чектелген коомдун генералдык директору И.И.Таировдун кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, 2013-жылдын 13-сентябрындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 515 сандуу Токтомунун 2 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 05-февралындагы “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндөжобону бекитүү тууралуу” №43 токтомунун негизинде, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кабыл алат:
1. “Медиа эксперт” жоопкерчилиги чектелген коомго, Узун-Булак коктусунун жогору жагындагы № 592-593 контурларында жайгашкан 12,0 га жер тилкелери ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Бөлүнгөн жер участкасына капиталдык курулуш салынбасын.
3. “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” типтүү Жобого ылайык иш алып барылсын.
4. Жүк ташууда жолдорго зыян келтирбөө үчүн жолдун категориясына жараша эрежелер сакталсын.
5. Ижара келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 29.12.2023-жылдагы №735 Токтомдо көрсөтүлгөндөй, “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишкана менен түзүлсүн.
6. Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын.
7. Социалдык пакет катары “Медиа эксперт” жоопкерчилиги чектелген коомдун генералдык директору И.И.Таиров тарабынан, эксковатор техникасы Сын-Таш айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарымсыз тапшырууга милдеттенсин.
8. Жергиликтүү калк үчүн, иштетилип чыгарылган сырье-материалдар (кирпич) жеңилдетилип, 30% арзандатуу менен сатылсын.
9. Сын-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 01-августундагы № 34/7-28 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
10. Жогорудагы чечимдин көзөмөлү муниципалдык ишкананын жетекчиси Н.Чоткараевге жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: |
| Э.Б.Джолдошбеков |