Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августу № 534
2024-жылдын 1-октябрынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды индексациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 168 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2024-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун 1, 3-пунктчаларын, 2-пунктун ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
1) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2024-жылдын 1-октябрынан тартып 1,18 өлчөмүндө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине, бирок 1000 (бир миң) сомдон кем эмес индексацияласын;
2) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, үстөктөрдү эске алуу менен жалпы өлчөмү 6900 (алты миң тогуз жүз) сомдон төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн ушул Мыйзамда каралган учурларды копшогондо, үстөктөрдү эске алуу менен мындай пенсиялардын жалпы өлчөмүн 6900 (алты миң тогуз жүз) сомго чейин жеткирүүнү эске алуу менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып индексацияласын;
3) пенсиялардын базалык бөлүгүн жана пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.
3. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2024-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 6900 (алты миң тогуз жүз) сомдон кем болбойт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасын, 3-пунктун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө каражат карасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 67 (3621) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |